Касымалиев футбол боюнча улуттук кураманын жаңы машыктыруучусун кабыл алды

Министрлер кабинети 22 сентябрь 2026 17:55
6ab26432c2706.jpeg
6ab26427a3030.jpeg
6ab2642e77e93.jpeg
6ab2642e10149.jpeg
Алдыга
Артка
6ab26432c2706.jpeg
6ab26427a3030.jpeg
6ab2642e77e93.jpeg
6ab2642e10149.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев Кыргызстандын улуттук курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимовду кабыл алды. 

Адылбек Касымалиев башкы машыктыруучуну жаңы кызматы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап, улуттук курама команданын алдыдагы оюндарга даярдыгын арттыруу боюнча пикир алышты.

Учурда улуттук курама команда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Команда 28-сентябрда Мальдив аралдары жана 4-октябрда Ливан курамалары менен жолдоштук беттештерди өткөрөт. Бул беттештер 2027-жылдагы Азия кубогуна даярдыктын алкагында уюштурулууда.