Касымалиев: Чакан жана орто бизнести колдоо – жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуунун ачкычы

Министрлер кабинети 31 Июль 2025 18:40
688b5ac51ef00 (1).jpg
688b5adf29ccf.jpg
688b5adf28a09.jpg
688b5ac5807d4.jpg
688b5ac57f8cb.jpg
688b5ac51f810.jpg
Алдыга
Артка
688b5ac51ef00 (1).jpg
688b5adf29ccf.jpg
688b5adf28a09.jpg
688b5ac5807d4.jpg
688b5ac57f8cb.jpg
688b5ac51f810.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнеске мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү маселелерине байланышкан жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө колдоо көрсөтүүдөгү чаралар, алардын натыйжалуулугу жана көйгөйлөрү талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин, анткени элдин турмушун жакшыртуу менен гана жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжалуулугу жөнүндө айтууга болорун белгиледи. Ал ишкерлер үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү, өзгөчө пайда болгон маселелерди чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Талкууда ишкерлер туш болгон көйгөйлөр, анын ичинде гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн бизнес-пландарды түзүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу сөз болду. Адылбек Касымалиев ишкердиктин ар кандай түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишкерлерге туруктуу консультациялык колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы аймактарда чакан жана орто бизнести колдоонун натыйжалуулугу жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу, акыркы 9 айдын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, анын жыйынтыгында кадрдык чечимдер кабыл алынаарын билдирди.

Адылбек Касымалиев аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча ишти активдештирип, мамлекеттик программалардын жайгашкан жерине карабастан бардык ишкерлер үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууну, чакан жана орто бизнести колдоого бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.