Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. 2025-жылы 715,6 млн АКШ доллары инвестицияланган жана 8 451 жумушчу орундуу 119 ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, реалдуу сектор өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат.
"2024-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү 395 миллиард сомду түзүп, өсүү 106,2%ды түздү. 2025-жылдын 11 айында айыл чарба өндүрүшү 437,4 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүү 102%ды түздү. Социалдык маанидеги 9 продукциянын ичинен калк 6 позиция боюнча толугу менен камсыздалган: сүт, картошка, жашылча, эт, жумуртка жана кант. 2024-жылы ирригацияга 1 миллиард сом бөлүнгөн, 2025-жылдын 11 айында - 1,7 миллиард сом. Учурда СЖБ жана ДЖБ боюнча 10 объектиде курулуш жана калыбына келтирүү иштери, СЖБ жана ДЖБ боюнча 24 объектиде долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө. 2026-жылга 45 айылды жана 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылган", - деди ал.
Энергетика тармагынын контекстинде министрлер кабинетинин башчысы 2024-жылы жалпы энергия өндүрүү 117,8 МВтга чейин көбөйтүлгөнүн баса белгиледи.
«Жалпы кубаттуулугу 48,8 МВт болгон 8 кичи ГЭС, 2025-жылы 49 МВт кубаттуулуктагы 9 кичи ГЭС ишке киргизилди. Токтогул ГЭСин (1440 МВт) модернизациялоо жүргүзүлүп, Таш-Көмүр ГЭСиндеги гидроагрегаттар жаңыланууда. Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган Камбар-Ата-1ди кошо алганда, жаңы кичи ГЭСтер курулууда. 2026-жылы 17 кичи ГЭС, 2027-жылы 19 жаңы ГЭС куруу пландаштырылууда», - деди министрлер кабинетинин башчысы жана энергетикалык компаниялар өз каражаттарына техника сатып алганын кошумчалады: 2024-жылы - 129 даана, 2025-жылы - 141 даана.
Ал Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка алып келип, келечек муундар үчүн бекем пайдубал түзөрүн баса белгиледи.
Минкаб төрагасы андан ары 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,9 млрд сомду түзүп, өсүү 10,2% болгонун айтты. Жыл сайын 100дөн ашык өнөр жай ишканасы ачылууда.
«2024-жылы 796,8 млн доллар инвестиция жана 8 315 жумушчу орун менен 102 ишкана ишке киргизилген. 2025-жылы — 715,6 млн доллар инвестиция жана 8 451 жумушчу орун менен 119 ишкана», - деди Касымалиев.
Ал ошондой эле ири тоо-кен ишканаларынын кирешесине токтолуп, атап айтканда, Кумтөрдүн 2024-жылдагы таза кирешеси 397,4 млн долларды, ал эми 2025-жылдын 10 айында 421,8 млн долларды түздү.
«Кыргызалтын» 2025-жылдын 9 айында 17,5 млрд сомдон ашык киреше тапты, аффинаж заводун модернизациялоону аяктады, продукциянын тазалыгы 99,99%ды түзүп, дүйнөлүк стандарттарга жооп берет», - деди ал.