Касымалиев: Биздин максат – Кыргызстанды блокчейн боюнча глобалдык хабга айландыруу

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Октябрь 2025 17:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Бүгүн блокчейн келечектин абстракттуу элеси эмес, экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жөндөмдүү кубаттуу курал болууда. Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеште билдирди.

Ал белгилегендей, негизги милдет технологияны жөн эле колдонуу эмес, бул процесстин алдыңкы сабында болуу менен өлкөнүн экономикасынын жаңы санариптик реалдуулукта алдыңкы орунга чыгышын камсыз кылуу.

“Блокчейн бизге бул процесстерде ачык-айкындуулукту, натыйжалуулукту жана эң негизгиси коопсуздукту жогорулатуу үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү берет. Министрлер кабинетинин төрагасы катары мен блокчейн технологияларын өнүктүрүү кезектеги технологиялык тенденция эмес, стратегиялык мааниге ээ, бир катар негизги мамлекеттик милдеттерди чечүүгө кубаттуу түрткү берүүгө жөндөмдүү фактор болот деп күтөм”, - деди ал.

Касымалиев Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгына бир нече багыттарга көбүрөөк көңүл бурууну сунуштады.

“Биринчи – экономикалык өсүш жана инвестиция тартуу. Биз блокчейн жана жасалма интеллект жаңы жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп калат деп күтөбүз. Биздин максат – өлкөнү блокчейн стартаптары жана долбоорлору үчүн аймактык, балким, глобалдык хабга айландыруу. Узак мөөнөттүү келечекте биз ички өнүгүү системасын стимулдаштыруучу түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымын көрүп жатабыз”, - деди ал.

Касымалиев бул үчүн инновациялык өнүгүүгө тоскоол болбостон инвесторлорду коргой турган так болжолдонуучу жана эң негизгиси коопсуз ченемдик чөйрө керек экенин баса белгиледи.

“Экинчи - мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу жана ачыктыгы. Министрлер кабинети блокчейнди бюрократияга каршы күрөштүн күчтүү куралы катары көрөт. Биз жаңы муундагы санариптик экосистеманы түзүүгө багыт алуудабыз, анда мамлекеттик кызматтар тез жана оңой көрсөтүлөт. Катчылыктан кадастрдык каттоо, мүлккө укуктарды каттоо, сатып алуулар, социалдык төлөмдөр жана башка тармактар боюнча сунуштарды күтүп жатабыз. Ошол эле учурда жеке маалыматтардын жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардын коопсуздугу абсолюттук артыкчылык болушу керек”, - деди төрага.

Ал белгилеген үчүнчү багыт – адам капиталын жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү. Себеби, бүгүнкү күндө бир дагы технология квалификациялуу адистерсиз иштебейт.

“Биз блокчейн жана жасалма интеллектти терең түшүнгөн эксперттердин, иштеп чыгуучулардын, юристтердин жана экономисттердин муунун түзгүбүз келет.

Бул өз кезегинде мектептерден баштап университеттерге чейин билим берүү системасына тиешелүү программаларды интеграциялоону талап кылат.

Мындан тышкары, биз ар бир жаран жаңы технологияларды аң-сезимдүү жана коопсуз пайдалана алышы үчүн калктын жалпы санариптик финансылык сабаттуулугун жогорулатууну каалайбыз”, - деп кошумчалады ал.

Касымалиев сабаттуулук бардыгына, иштеп чыгуучулардан жана мамлекеттик жөнгө салуучулардан баштап, акыркы колдонуучуларга чейин тиешелүү деп эсептейт.

Сабаттуулук блокчейнди терең техникалык түшүнүүнү гана эмес, анын укуктук, экономикалык жана социалдык кесепеттерин да түшүнүүнү билдирет.

“Биз алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбадан үйрөнүшүбүз керек. Бирок ошол эле учурда өнүгүүнүн өзүнүн уникалдуу моделин түзүшүбүз керек. Айрым кесиптердин өкүлдөрү жасалма интеллект жана жаңы санариптик технологиялардын пайда болушу менен кызматкерлерди жасалма интеллект алмаштырат деп тынчсызданышууда. Бирок бул адамды алмаштыра албасын белгилей кетүү керек. Аларды жасалма интеллект менен иштей билген адам гана алмаштыра алат.

Ошондуктан, дүйнөлүк тенденциялардын шартында жаңы технологиялар кинематография, живопись, маданият сыяктуу консервативдүү тармактарга да кирип жаткан учурда биз үчүн жарандарыбыздын бул технологияларды колдонуу боюнча сабаттуулугун күчөтүү маанилүү”, - деп кошумчалады ал.