Бишкекте инвестициялык курулуш долбоорлордун ишке ашуусу тааныштырылды

Министрлер кабинети 15 Январь 2026 14:41
6968888f2e8e5-thumb.jpeg
6968888c90bd5-thumb.jpeg
6968888d9aac8-thumb.jpeg
6968888f322ea-thumb.jpeg
6968889b8582b-thumb.jpeg
6968889d63755-thumb.jpeg
6968889d95541-thumb.jpeg
6968889e7a614-thumb.jpeg
69688886ca4c2-thumb.jpeg
69688887dd1a2-thumb.jpeg
69688892e8628-thumb.jpeg
69688893de5c9-thumb.jpeg
69688895f2775-thumb.jpeg
69688898c6aad-thumb.jpeg
696888965bb41-thumb.jpeg
6968888925fd2-thumb.jpeg
6968889853bdf-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6968888f2e8e5-thumb.jpeg
6968888c90bd5-thumb.jpeg
6968888d9aac8-thumb.jpeg
6968888f322ea-thumb.jpeg
6968889b8582b-thumb.jpeg
6968889d63755-thumb.jpeg
6968889d95541-thumb.jpeg
6968889e7a614-thumb.jpeg
69688886ca4c2-thumb.jpeg
69688887dd1a2-thumb.jpeg
69688892e8628-thumb.jpeg
69688893de5c9-thumb.jpeg
69688895f2775-thumb.jpeg
69688898c6aad-thumb.jpeg
696888965bb41-thumb.jpeg
6968888925fd2-thumb.jpeg
6968889853bdf-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан ишкерликке багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы жана энергетикалык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анда, минкаб төрагасы борбордогу Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан заманбап кеңсе борборуна барып, бизнес-борбордун реконструкциялангандан кийин түзүлгөн шарттары жана заманбап кеңсени уюштурууда колдонулган инновациялык чечимдер менен таанышты. Вьетнамдык “Rox Group” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чан Ань Туан борбордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана анын борбор калаанын бизнес потенциалын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу маалымат берди.

Андан соң, министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек шаардык мэриясынын “Бишкексельмаш” отканасында болуп, аны реконструкциялоонун биринчи этабынын жыйынтыгы менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев минкаб төрагасына жылуулуктун натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, объекттин кыш мезгилинде ишенимдүү иштешин камсыз кыла турган жабдуулар менен жаңыртылгандыгы тууралуу маалымат берди. Борбор калаанын отканаларын жаңылоо Бишкектин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун приоритеттүү милдети экени айтылды.

Андан соң, Адылбек Касымалиев вьетнамдык “Rox Group” компаниясы ишке ашырып жаткан “Royal Central Park” ири инвестициялык долбоордун жүрүшү менен таанышты.

Компаниянын өкүлү курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырып, “Royal Central Park” долбоору турак жай жана заманбап көп функционалдуу комплекс катары иштелип чыкканын белгиледи.

Минкаб төрагасы ири курулуштарды жүргүзүүдө сапат жана экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле мындай инвестициялык долбоорлордун борбордун архитектуралык көрүнүшүн жана инфраструктурасын жаңыртуудагы ролун белгиледи. Ал ошондой эле министрлер кабинетинин бизнести колдоо саясатын да кошумчалады.

"Министрлер кабинети инвесторлорго эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат, ишкерлер үчүн эшик дайым ачык", - деди минкаб төрагасы.

Адылбек Касымалиев курулуш объекттери менен таанышып чыккандан кийин, Бишкектин инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана олуттуу инвестициялык демилгелерди ыкчам колдоо боюнча тиешелүү шаардык кызматтарга жана мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.