Касымалиев Бишкекте курулуп жаткан стадионду жана конгресс-холлду текшерди

Министрлер кабинети 24 Июль 2025 10:00
68810d5809127.jpeg
68810d5774903.jpeg
68810d576834d.jpeg
68810d576572b.jpeg
68810d574466b.jpeg
68810d574322c.jpeg
68810d56933da.jpeg
68810d56754b9.jpeg
68810d5820eba.jpeg
68810d5819d64.jpeg
68810d5778b85.jpeg
68810d5759da4.jpeg
68810d580e4e5.jpeg
68810d579f226.jpeg
68810d575a7c9.jpeg
68810d575a7c9 (1).jpeg
68810d57e831c.jpeg
68810d57dc1b8.jpeg
68810d57d444d.jpeg
68810d57d1bc0.jpeg
68810d57bf0d1.jpeg
68810d57b096c.jpeg
68810d57acc6d.jpeg
68810d57a2c40.jpeg
Алдыга
Артка
68810d5809127.jpeg
68810d5774903.jpeg
68810d576834d.jpeg
68810d576572b.jpeg
68810d574466b.jpeg
68810d574322c.jpeg
68810d56933da.jpeg
68810d56754b9.jpeg
68810d5820eba.jpeg
68810d5819d64.jpeg
68810d5778b85.jpeg
68810d5759da4.jpeg
68810d580e4e5.jpeg
68810d579f226.jpeg
68810d575a7c9.jpeg
68810d575a7c9 (1).jpeg
68810d57e831c.jpeg
68810d57dc1b8.jpeg
68810d57d444d.jpeg
68810d57d1bc0.jpeg
68810d57bf0d1.jpeg
68810d57b096c.jpeg
68810d57acc6d.jpeg
68810d57a2c40.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө үчүн масштабдуу жана стратегиялык мааниге ээ эки объекттин – Бишкек шаарындагы эл аралык класстагы стадиондун жана конгресс-холлдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. 

Таанышуу учурунда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев стадиондун курулушунун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган бул заманбап спорттук комплекс ФИФАнын эң жогорку стандарттарына ылайык курулуп жатат жана өлкөдөгү эң ири стадион болуп, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Ал долбоордун масштабдуулугун баса белгилеп, кыргыз боз үйүнүн образынан шыктанган архитектуралык чечимдин уникалдуулугун белгиледи. Бийиктиги 70 метр жана диаметри 280 метр болгон тегерек формадагы сегиз кабаттуу имарат кыргыз спортунун визиттик картасына айланат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, күйөрмандардын ыңгайлуулугу үчүн 1800 унаа токтотуучу жай каралган, кошумча долбоорлоо аркылуу 3000ге чейин кеңейтүүгө болот.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мындай масштабдуу объектилерди куруу – бул өлкөнүн келечегине, спортту жана туризмди өнүктүрүүгө, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө инвестиция экенин баса белгиледи. Ал бардык курулуш нормаларын так сактоонун жана белгиленген мөөнөттө жумуштардын эң жогорку сапатын камсыз кылуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча, президенттин администрациясы "Ынтымак Ордонун" жанында курулуп жаткан "Конгресс-Холл" объектисинин курулуш аянтына барды. Адылбек Касымалиев имараттын негизги кабаттары менен жеке өзү таанышып, расмий делегациялар үчүн залдарды жана конок үйлөрүн көрдү.

Касымалиев бул уникалдуу объектинин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү өлкөнүн эл аралык аренадагы имиджи үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Ал конгресс-холл эң заманбап талаптарга жооп бериши керектигин жана Кыргызстандын меймандостугун жана өнүгүү деңгээлин көрсөтүп, эл аралык форумдарды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү үчүн татыктуу аянтча болушу керектигин баса белгиледи.