Касымалиев: Билим күнү – ар бир үй-бүлөгө, ар бир балага, бүтүндөй мамлекетке тиешелүү майрам

Министрлер кабинети 01 Сентябрь 2025 13:55
68b52ead48e41.jpg
68b52eacf1cb9.jpg
68b52eacf005d.jpg
68b52eacba934.jpg
68b52eacaeb67.jpg
68b52eac67989.jpg
68b52eac682ab.jpg
68b52eac1f886.jpg
68b52eac21430.jpg
68b52eabc0a89.jpg
68b52eabbac75.jpg
68b52eab76645.jpg
68b52eab78dc8.jpg
68b52eab22de1.jpg
68b52eab240b4.jpg
68b52eaac6cb5.jpg
68b52eaabc55b.jpg
68b52eaa75d75.jpg
68b52eaa6f9b2.jpg
68b52eaa38310.jpg
68b52eaa41343.jpg
68b52ea9e5e7d.jpg
68b52ea9e03c7.jpg
Алдыга
Артка
68b52ead48e41.jpg
68b52eacf1cb9.jpg
68b52eacf005d.jpg
68b52eacba934.jpg
68b52eacaeb67.jpg
68b52eac67989.jpg
68b52eac682ab.jpg
68b52eac1f886.jpg
68b52eac21430.jpg
68b52eabc0a89.jpg
68b52eabbac75.jpg
68b52eab76645.jpg
68b52eab78dc8.jpg
68b52eab22de1.jpg
68b52eab240b4.jpg
68b52eaac6cb5.jpg
68b52eaabc55b.jpg
68b52eaa75d75.jpg
68b52eaa6f9b2.jpg
68b52eaa38310.jpg
68b52eaa41343.jpg
68b52ea9e5e7d.jpg
68b52ea9e03c7.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кожомкул айылынын мектебинде, билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш чарага катышты катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мугалимдерди, окуучуларды, ата-энелерди жана Кыргызстандын бардык жарандарын билим күнү менен куттуктап, инсандын, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн билимдин өзгөчө маанисин белгиледи.

«Билим күнү – бул ар бир үй-бүлөгө, ар бир балага, бүтүндөй мамлекетке тиешелүү майрам. Билим – инсандын өнүгүүсүнүн, коомдун бекем пайдубалынын жана өлкөнүн келечегинин негизги булагы», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Адылбек Касымалиев ошондой эле өлкөдө билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштерди, анын ичинде жаңы мектептерди ачууну эске салды. Ал акыркы күндөрү Кыргызстанда 101 жаңы мектеп ачылганын, ал эми бүгүн республика боюнча дагы 15ке жакын мектеп ачылып жатканын билдирди.

«Бүгүн Кожомкул айылынын тургундары үчүн кош кубанычтуу күн – айылда жаңы мектеп ачылып жатат,  Өкүнүчтүүсү – мектеп “курулушу көп күттүргөн обьект” болуп турган. Акыры бүттү. Баарыңыздарды жаңы мектептүү болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул жерде ыңгайлуу жана натыйжалуу окуу үчүн бардык керектүү нерселер бар: жабдуулар менен жабдылган класстар, заманбап компьютердик класстар, ашкана, 120 орундуу сахнасы бар кенен актовый зал, душтары бар ыңгайлуу спорттук зал, ошондой эле мектептин аймагындагы аянтчалар – футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары», – деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал жаңы мектеп заманбап билим берүү борбору гана болбостон, айылдын маданий жана спорттук турмушунун борборуна айланарына ишенимин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет билим берүү тармагына артыкчылыктуу көңүл буруп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, инфраструктураны модернизациялоого жана мугалимдерди колдоого багытталган «Алтын Казык» улуттук өнүктүрүү программасы сыяктуу масштабдуу программаларды ишке ашырып жатканын, анын ичинде алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аларга заманбап ноутбуктар берилгенин белгиледи.

Адылбек Касымалиев сөзүнүн аягында окуучуларды сапаттуу билим алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, билимге умтулууга чакырды. Ошондой эле мугалимдерге жан аябас эмгеги, ишке берилгендиги жана Кыргызстандын келечегине кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин ийгилигиңиздер – бүткүл өлкөнүн ийгилиги. Билим ар бирибиздин тагдырыбызды аныктайт», – деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.