Касымалиев: 2024-жылы бюджет 34,3 млрд сом профицит менен аткарылды

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Декабрь 2025 12:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын 2024-жылга консолидацияланган бюджети 2023-жылга салыштырмалуу 112,1 миллиард сомго көбөйүү менен 689,3 миллиард сомго аткарылды. Жылдын жыйынтыгында бюджет 34,3 миллиард сомго профицит менен аткарылды, бул өлкөнүн финансылык туруктуулугун жана анын бюджеттик саясатынын натыйжалуулугун тастыктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

Ал кошумчалагандай, республикалык бюджеттин кирешеси 417,5 миллиард сомду түздү. Кирешенин негизги булагы салыктык түшүүлөр болуп, 192,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 38 млрд сомго көп болду.

“Бажы кызматы 123,1 млрд сом чогултуп, 11,6 млрд сомго көбөйгөн. Бюджеттин чыгашалары 383,2 млрд сомду түзүп, артыкчылыктуу социалдык секторго берилди”, - деди минкаб төрагасы.

Ал белгилегендей, 2024-жылы социалдык тармакка 175,3 миллиард сом бөлүнгөн, бул мамлекеттик чыгымдардын негизги багыты. Каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • билим берүү – 70,5 млрд сом;
  • саламаттык сактоо – 34,9 млрд сом;
  • социалдык коргоо – 61,1 млрд сом;
  • маданият жана спорт – 8,8 млрд.