Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. 12 жылдык окууга өтүү реформасы — бул табигый жана зарыл процесс, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада.
Анын айтымында, ал жаңы муунду, жаңы коомду жана жаңы өлкөнү калыптандырат.
"Кабыл алынган "Алтын казык" программасында STEM-дисциплиналарына — илимге, технологияларга, инженерияга жана математикага өзгөчө көңүл бурулат. Билим берүүнү санариптештирүү күчөтүлөт. Бардык окуу китептери электрондук китепканага киргизилет. Биринчи жолу мамлекет "Учкун" типографиясынын базасында Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгарууга 1 млрд сомго жакын каражат жумшады. Эми биз бул маселеде эч кимден көз каранды эмеспиз", - деди ал.