Казакстан президенти Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин "Достык" ордени менен сыйлады

Президент 1261 22 Август 2025 16:55
537398952_1317524020382229_6047613783450751223_n.jpg
536768931_1317523893715575_7103495775759896480_n.jpg
536348032_1317524017048896_5206447531149889724_n.jpg
536768938_1317523890382242_2152457066743977339_n.jpg
537621079_1317523870382244_213201843667994506_n.jpg
Алдыга
Артка
537398952_1317524020382229_6047613783450751223_n.jpg
536768931_1317523893715575_7103495775759896480_n.jpg
536348032_1317524017048896_5206447531149889724_n.jpg
536768938_1317523890382242_2152457066743977339_n.jpg
537621079_1317523870382244_213201843667994506_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин "Достык" ордени менен сыйлады.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы "Достык" ордени менен:

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев сыйланды.

II даражадагы "Достык" ордени менен:

  • Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков;
  • Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев;
  • Коомдук ишмер Аскар Салымбеков сыйланды.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бул жөн гана салтанат эмес, Казакстандын боордош Кыргызстан элине болгон ыраазычылыгынын жана терең урматтоосунун белгиси экенин өзгөчө белгиледи.

"Бүгүнкү окуя казак-кыргыз мамилелеринин тарыхында элдерибиздин түбөлүк боордоштугунун жана коңшулаштыгынын символу катары алтын тамгалар менен жазылып калат деген ишеничтемин. Сиздер өз Мекениңиздердин ырааттуу өнүгүүсүнө гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого да олуттуу салым кошо бересиздер деп ынанып турам", - деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.