Кашка-Сууда каналга түшүп кеткен аялды издөө уланууда

Кырсык Загрузка... 22 Июнь 2026 12:35
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кашка-Суу айылында каналга түшүп кеткен аялды издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин улантууга туугандары тарабынан 30 адам, 7 куткаруучу, жалпы 37 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 20-июнда Кашка-Суу айылында 1995-жылы туулган Н.Н. аттуу аял киши тез агуучу каналга түшүп кеткен.