Караколдо таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу завод курула баштады

Министрлер кабинети 26 Октябрь 2025 12:30
68fcba46d5816-thumb.jpeg
68fcba45da399-thumb.jpeg
68fcba45b701c-thumb.jpeg
68fcba46e78eb-thumb.jpeg
68fcba47a3793-thumb.jpeg
68fcba47cb0f1-thumb.jpeg
68fcba48ca214-thumb.jpeg
68fcba48d1ebd-thumb.jpeg
68fcba49a2e89-thumb.jpeg
68fcba460da70-thumb.jpeg
68fcba463caa7-thumb.jpeg
68fcba465dc9f-thumb.jpeg
68fcba474f529-thumb.jpeg
68fcba479e052-thumb.jpeg
68fcba491db54-thumb.jpeg
68fcba4853be9-thumb.jpeg
68fcba4858f03-thumb.jpeg
68fcba4978a97-thumb.jpeg
68fcba46821aa-thumb.jpeg
68fcba47511ee-thumb.jpeg
68fcba48112a1-thumb.jpeg
68fcba492539a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68fcba46d5816-thumb.jpeg
68fcba45da399-thumb.jpeg
68fcba45b701c-thumb.jpeg
68fcba46e78eb-thumb.jpeg
68fcba47a3793-thumb.jpeg
68fcba47cb0f1-thumb.jpeg
68fcba48ca214-thumb.jpeg
68fcba48d1ebd-thumb.jpeg
68fcba49a2e89-thumb.jpeg
68fcba460da70-thumb.jpeg
68fcba463caa7-thumb.jpeg
68fcba465dc9f-thumb.jpeg
68fcba474f529-thumb.jpeg
68fcba479e052-thumb.jpeg
68fcba491db54-thumb.jpeg
68fcba4853be9-thumb.jpeg
68fcba4858f03-thumb.jpeg
68fcba4978a97-thumb.jpeg
68fcba46821aa-thumb.jpeg
68fcba47511ee-thumb.jpeg
68fcba48112a1-thumb.jpeg
68fcba492539a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. 

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, бул багытта Кытай Эл Республикасынын “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясы Кыргызстандагы өнөктөштөр менен биргеликте үч ири долбоорду — Бишкек, Ош жана Ысык-Көл долбоорлорун — ишке ашырып жатканын белгиледи.  

“Жашыл экономика замандын урааны болуп калды. Биз дагы бул багытта аракеттенип, мына бүгүн Жашыл экономиканын өнүгүүсүнө багытталган ишкананын курулушун баштап жатабыз. Таштандыны технологиялык ыкмада кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу биздеги экологиялык абалды кыйла жакшыртат,”-деди ал. 

Минкаб төрагасы сөзүнүн аягында бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилесин дагы бекемдеп, Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө зор салым кошооруна ишеним артты. 

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы долбоор боюнча Баштапкы этапта Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган технологиялык электр станциялары курулат. Кийинки этаптарда министрлер кабинетинин чечимине, облустагы жана коңшу аймактардагы таштандылардын көлөмүнө жараша, инвестор тарабынан кошумча иштетүү линиялары курулат.

Бул этаптагы долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен жалпы 140 миллион долларды түзөт.