Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Каракол шаарында заманбап эмерек чыгаруучу завод жыл аягына чейин ишке киргизилет.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, "Нурислам Эмерек" ишканасынын инвестициялык долбоорунун алкагында 150дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт.
"Жаңы өндүрүштүк комплекс 7 миң чарчы метр аянтты ээлеп, үй жана кеңсе эмеректерин чыгарууга багытталат. Жумуш орундарынын 70 пайызга жакыны жергиликтүү тургундарга берилет. Ишканада кызматкерлер үчүн спорт зал жана тамактануучу жай каралган. Ошондой эле кызматкерлердин эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Өндүрүшкө тажрыйбасы жок жарандар да тартылып, аларга эмерек жасоо кесибин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Долбоор ата мекендик эмерек өндүрүшүн өнүктүрүүгө, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого жана Караколдун өнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган.