Каракол тарыхый-аймак таануу музейи - кыргыз элинин өткөнүн даңазалаган мурас ордосу

Маданият Загрузка... 11 Август 2025 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Каракол шаары Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп, өзгөчө тарыхый жана туристтик мааниге ээ шаарлардын бири. Ал XIX кылымдын аягында негизделип, ошол мезгилден бери өзүнүн бай тарыхы, көп улуттуу маданияты жана табигый кооздугу менен айырмаланып келет.

Каракол шаарында бир нече тарыхый жана маданий мекемелер жайгашкан. Алардын бири Каракол тарыхый-аймак таануу музейи. Бул музей шаардагы эң байыркы жана маанилүү маданий мекемелердин катарына кирет.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.57.15 (1).jpeg

Музей XIX кылымда курулган архитектуралык имаратта жайгашып, өзүнүн уникалдуу көрүнүшү менен туристтерди жана жергиликтүү тургундарды өзүнө тартат. Аталган музей тууралуу кененирээк жеринде “Кабар” маалымат агенттигине музейдин илимий кызматкери Жыпаркүл Курманалиева айтып берди.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.57.17.jpeg

Анын айтымында, имарат 1887-жылы салынган жана алгач көпөс Мефодий Ильиндин жашаган үйү болгон. Архитектуралык жактан ал байыркы орус стилиндеги жыгач конструкциялар менен салынып, өзүнүн кооздугу жана уникалдуу жасалгасы менен айырмаланат.

“Кийинчерээк, 1948-жылы расмий түрдө музей катары ачылган. Ошондон бери имарат Караколдун жана жалпы Ысык-Көл өрөөнүнүн тарыхын, маданиятын жана этнографиясын чагылдырган баалуу мураска айланып, көптөгөн экспонаттар менен толукталган”,-деди ал.

Музейде төмөнкү 10 экспозициялык зал бар:

Археология залы

Залды кыдырып жатып, керамикалык идиштерди, таш куралдарды, зер буюмдарды жана сөөк калдыктарын көрүүгө болот. Ар бир буюмдун астында түшүндүрмө жазуулар бар. Кайсы кылымга таандык экени, кайсы жерден табылганы жана анын маданий мааниси тууралуу маалымат берет.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.07.11.jpeg

Ысык-Көл облусунун өнүгүү залы

Музейдин маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет. Бул залда облустун тарыхый, маданий жана коомдук өнүгүүсү чагылдырылган. Залда Ысык-Көлдүн белгилүү инсандары, илимпоздор, жазуучулар, искусство жана маданият өкүлдөрү тууралуу маалыматтар, алардын сүрөттөрү жана эмгектери көрсөтүлгөн. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук мурасы болгон “Манас” эпосуна арналган бөлүк да бар. Бул бөлүктө эпостун мазмуну, каармандары жана аны изилдеген манасчылар тууралуу маалыматтар сунушталат. Залда Кыргызстандын тарыхындагы оор жана маанилүү окуялардын бири болгон 1916-жылкы Үркүн окуясы да кеңири чагылдырылган. Бул трагедиялуу учур тууралуу архивдик документтер, сүрөттөр жана замандаштардын эскерүүлөрү аркылуу кеңири маалымат берилет. Бул залдын максаты - келүүчүлөргө Ысык-Көл облусунун өткөнү, маданий мурасы тууралуу терең маалымат берүү.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.57.16 (2).jpeg

Этнография залы

Бул залда кыргыз элинин көчмөн мезгилиндеги жашоо образы кеңири баяндалат. Залда негизинен XVIII–XIX кылымдарга таандык буюмдар коюлган. Тарыхый экспонаттарга абдан бай болуп, көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушун жана маданиятын чагылдырат. Мисалы, бул жерден ат жабдыктарынын толук комплектиси көрсөтүлгөн, анын айрым элементтери башка эч бир музейде кездешпейт. Ошондой эле залда туш кийиздин 15 түрү, шырдактын 12 түрү, жана илгерки кыргыздардын колдон жасалган идиш-аяктары көрсөтүлөт. Бул экспонаттар аркылуу келүүчүлөр кыргыз элинин көчмөн турмушунун бай маданий мурасы, кол өнөрчүлүк өнөрүн жакындан таанып-биле алышат.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.55.10 (3).jpeg

Каракол залы

Бул бөлүмдө Каракол шаарынын өнүгүү тарыхы чагылдырылган. XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында Каракол өлкөдөгү эң өнүккөн шаарлардын бири болгон. Бул мезгилде шаарда бир катар маанилүү мекемелер негизделип, билим берүү, илим жана маданият тармактары жигердүү өнүгө баштаган. Караколдо өлкөдөгү алгачкы мектептер, метеорологиялык станция, жана коомдук китепкана ачылган. 1902-жылы негизделген Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы китепканада башында болгону 500 даана китеп гана бар болчу. Бүгүнкү күндө китепкананын фонду 200 миңден ашуун китепти түзөт. Бул залда шаардык инфраструктуранын калыптанышы, билим берүү мекемелеринин тарыхы жана маданий мурастар тууралуу кеңири маалыматтар сүрөттөр, документтер жана архивдик материалдар аркылуу берилет.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.57.15.jpeg

Келгиндер залы

Бул залда орус жана украин элдеринин Караколдогу турмушу кеңири баяндалат. Ошол жылдары алардын шаарга көчүп келиши, жашоо образдары, турмуш-тиричилиги, колдонгон буюм-тайымдары толук чагылдырылган. Залда алардын салт-санаалары, тиричилиги, кийим-кече жана күнүмдүк турмушка тиешелүү буюмдары жайгашкан.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.55.10 (5).jpeg

Элла Майердин залы

Элла Майер - швейцариялык саякатчы жана журналист болгон. Ал 29 жашында, 1932-жылы, алгач ирет Орто Азияга саякаттап келген. Саякатынан кийин кыргыз жерин абдан жактырып, бир нече убакыт ошол жерде жашап калган. Андан соң ал өз мекенине кайтканда кыргыз аймагын толук сүрөттөп, уникалдуу сүрөттөрүн калтырган. Бул зал учурда музейдин эң популярдуу жана уникалдуу бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Туристтер бул залга чоң кызыгуу менен келишет. Зал музейдин директору Айымкүл Карабекова менен “Бернард Репонд” ассоциациясынын президенти тарабынан “Pamir Bridges” демилгеси менен ачылган. Аталган адамдардын жана демилгенин салымы залдын түзүлүшүндө чоң.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.55.09 (1).jpeg

1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согушка арналган залы

Бул залда фашисттик Германияга каршы болгон Улуу Ата-Мекендик согуштун каардуу күндөрү, элибиздин эрдиги чагылдырылган. Согуш жылдарында СССР эли бир муштум болуп жоо менен беттешип, жеңишке жеткен. Кыргызстан эли да бул күрөшкө өз салымын кошкон. Залда фронтто колдонулган курал-жарактар, жоокерлердин каттары, медалдары, сүрөттөрү жана архивдик документтер согуштун чыныгы жүзүн ачып берет. Алар аркылуу биз ата-бабаларыбыздын тайманбас духун жана жеңишке болгон ишенимин сезе алабыз. Алардын эрдиги жана тарыхый салымы эч качан унутулбайт.

Панфиловчулар бурчу

Залдын бир бөлүгүндө өзгөчө мааниге ээ Панфиловчулар бурчу орун алган. Бул бурч – 28 баатыр Панфиловчулардын эрдигине арналган. Алар 1941-жылдын ноябрь айында Москва шаарына багыт алган фашисттик танктарга каршы салгылашып, өздөрүнүн жанын аябастан тайманбас кайрат көрсөтүшкөн.

Жаратылыш залы

Бул залда айбанаттар менен канаттуулар коюлган. Биз бул залды өзгөчө - балдардын сүймөнчүк залы деп атап коебуз. Анткени, ал жерде жаратылыштын кызыктуу дүйнөсү жөнүндөгү маалыматтар балдарга өзгөчө кызык жана түшүнүктүү кылып берилет.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.55.09 (3).jpeg

Алтын фонду залы

Аталган залда 1948-жылдан бери чогултулуп келе жаткан китептердин коллекциясы сакталат. Китептердин баары көпөстөрдөн алынган. Музейде белгилүү француз саякатчысы Эриз Рекрюга таандык 19 томдук китептик жыйнак жалгыз ушул жерде гана сакталат. Мындан тышкары, Пётр Семёнов-Тян-Шанский жана Николай Пржевальский сыяктуу белгилүү изилдөөчүлөрдүн колу менен жазылган тарыхый документтер да аталган залда сакталып келет.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.07.14.jpeg

Курманалиева музейге келгендер соңку үч жылда өзгөчө көп келе башташканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Каракол шаары туризмдин чордону болууда. Музейге дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер келишет. Быйыл музейге туристтер Боливия, Бахрейн, Европа өлкөлөрү, Америка, Малайзия, Сингапур, Африка жана Россиядан келишти. Келгендер музейдин экспозицияларына аябай таң калып, таасирленишет. Башында музейге кирерден мурун, туристтер аны кичинекей деп ойлошот. Бирок, музейдин чоңдугун көрүп, абдан таң калып, суктанышат. Батыш өлкөлөрүнөн келгендер көбүнчө заманбап, техникалык жактан жабдылган музейлерге көнүп калгандыктан, эски жана тарыхый музейлерди көрүүгө өзгөчө кызыгышат. Алар көп музейлерди көрдүк, “ушундай кооз музейди биринчи жолу көрүп жатам” деп көп айтышат. Азыр биз абдан кубанып турган чагыбыз. Анткени, музейди кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Музейдин жанындагы көпөс Каримовдун үйүн дагы музейге айлантууну пландап жатабыз. Бул эки музейди бир билет менен көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 15.55.09.jpeg

Музейге биздин белгилүү сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүн камтыган галерея уюштурулат. Андагы эмгектер ар түрдүү сынактарда 1- 2- 3-орундарды жеңип алган чыгармачылыктардын үлгүлөрү болот. Мындан сырткары, этнография залын кеңейтүү пландары дагы бар”,-деди ал.

Музейге келүүчүлөрдүн арасында, туристтер менен катар жергиликтүү жана башка аймактардан келген коноктордун да саны арбын.

Бишкек шаарынын тургуну Эмма Абыкееванын айтымында, нечендеген музейлердин арасында Каракол тарыхый өлкө таануу музейи өзүнүн уникалдуулугу жана тарыхый мураска бай болгону менен айырмалынап турат.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.21.18.jpeg

“Караколго тууганыбыздын ашына келдик. Калаага ушунча келип кантип музейди көрүп кетпейбиз, деп кирип отурган чагыбыз. Мен буга чейин 15 жыл мурун да келип кеткенмин. Анда ичиндеги экспонаттар аз эле. Азыр алар көбөйүптүр. Ремонт да жасалыптыр. Кыргызстан өнүгүп жатат, айрыкча Каракол шаары”,-деди ал.

Каракол тарыхый-аймак таануу музейи - шаар тарыхын гана эмес, жалпы эле кыргыз элинин бай маданиятын жана мурасын чагылдырган билим берүүчү жай. Ал туристтер үчүн гана эмес, жаштарга да өз мекенинин өткөнүн таанып-билүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.