Каракол менен Тамгада электр берүү чубалгылары жана көмөк чордондор курулат

Президент Загрузка... 04 Август 2025 16:06
395235609_328587669766215_4665623449257514062_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көл облусунда Тамга жана Караколдо электр берүү чубалгыларын жана көмөк чордондорун куруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Кредиттик макулдашууга 2025-жылдын 22-апрелинде “Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү линиясын жана подстанцияларды куруу” долбоорун ишке ашырууга Ислам өнүктүрүү банкынан 58,25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоону тартуу максатында кол коюлган.

Сунушталган долбоордо “Каракол” ПС 220/110/10 кВ жана “Тамга” ПС 220/110/24 кВ подстанцияларын, ошондой эле узундугу болжол менен 90 км болгон “Тамга – Каракол” ВЛ 220 кВ электр берүү линияларын куруу, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр менен жабдууну камсыз кылуу жана арасында регион үчүн стратегиялык мааниге ээ “Үч чоку” долбоору болгон жаңы инфраструктуралык объекттерди кошуу үчүн Ысык-Көл облусунун түштүк-чыгыш бөлүгүнүн электр тармактарынын ашыкча жүктөлүшүн чечүүгө, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана кубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоордун жалпы наркы 60,25 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинде 58,25 млн АКШ долларын Ислам өнүктүрүү банкы жеңилдетилген кредит түрүндө каржылайт жана 2,0 млн АКШ долларын Кыргыз Республикасы тең каржылайт (салыктар жана жыйымдар, подстанцияларды жана аба линияларын куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүгө чыгымдар, уруксат берүүчү документтер ж.б. түрүндө).

Ислам өнүктүрүү банкынын 58,25 млн АКШ доллары суммасындагы кредити 25 жылга, анын ичинде жеңилдетилген мезгил 7 жыл, 1,5 %га чейин пайыздык ставка менен берилет.