"Каракол" эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды

Аймак Загрузка... 20 Февраль 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-02-20 at 06.07.21.jpeg
copyright icon Султан Досалиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. "Каракол" эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, үч тамгадан турган уникалдуу код дүйнө жүзүндөгү аэропортторго Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) тарабынан берилет.

Бул код авиация тармагындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн стандартташтырылган системанын бир бөлүгү болуп саналат.

Атап айтсак, IATA коддору авиакомпанияларда, авиабилет саткан агенттиктерде, билеттерди брондогон системаларда колдонулат. Бул кодду жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн биркаларынан жана аба майдандарындагы маалымат такталарынан көрүүгө болот.

Эске салсак, Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт былтыр реконструкциялоо иштеринен соң ачылган.