“Каракол” аэропортунан августта алгачкы эл аралык каттам аткарылары пландалууда

Коом 297 30 Июль 2026 11:35
759224704_27635002352825244_6298439914369273144_n.jpg
759188590_27635003896158423_7038527283608572015_n.jpg
758953855_27635003136158499_6041945621469206579_n.jpg
759188577_27635002912825188_5716490781742300747_n.jpg
Алдыга
Артка
759224704_27635002352825244_6298439914369273144_n.jpg
759188590_27635003896158423_7038527283608572015_n.jpg
758953855_27635003136158499_6041945621469206579_n.jpg
759188577_27635002912825188_5716490781742300747_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстан аэропорттору

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. “Каракол” аэропортунан август айынын ортосунда алгачкы техникалык эл аралык каттам аткарылары пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда алгачкы эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдыктар акыркы этапка келди. Курулуш иштери 95% аткарылды. Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады.

Манас Самидинов белгилегендей, учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулду.

“Бул аэропортту жаңы форматта иштетүүгө даярдоонун акыркы баскычтарынын бири болуп саналат. Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аэропорт аба кемелерин күндүз да, түнкүсүн да кабыл алып, жөнөтө алат. Бул анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Август айынын ортосунда “Каракол” аэропортунан алгачкы техникалык эл аралык каттамдын аткаруусу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”, - деп айтты ал.