Кара-Көлдө Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран изделүүдө

Кырсык Загрузка... 24 Ноябрь 2025 08:55
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Кара-Көлдө Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун издөө иштерин улантуу максатында жалпы 123 адам чыгып, 10 кайык, 1 эхолот жана 1 суу астында издөөчү робот колдонулду.

Белгиленгендей, Кара-Көл шаарынан 20-ноябрь түнү 1972-жылы туулган У.Э. аттуу эркек киши Нарын дарыясына түшүп кеткен.

"Маалымат түшкөндөн тарта тынымсыз издөө иштери уланууда.

Издөө иштеринин жыйынтыгынан кошумча маалымат берилет",-деп айтылат маалыматта.