Кара-Сууда жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Кырсык Загрузка... 20 Апрель 2026 17:15
2.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кара-Сууда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ош облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-апрелде Бишкек – Ош унаа жолунун боюндагы Тойчу айылынын тушунда катталган. Анда "Хонда Степвагон" жана "Мерседес-Бенц" С180 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, натыйжада 5 адам каза болуп, дагы 6 адам ооруканага жеткирилген.

"Каза болгондор 19, 20, 25, 62 жана 72 жашта болушкан. Ооруканага жеткирилгендердин арасында жаш балдар дагы бар", - дешти милициядан.