Кара-Сууда 4 чакан ГЭСтин жана бир катар объекттердин курулушуна старт берилди

Министрлер кабинети 22 май 2025 17:56
682f0de3992bd-thumb.jpeg
682f0deae88c9-thumb.jpeg
682f0df9c2a98-thumb.jpeg
682f0df91137b-thumb.jpeg
682f0e1e54074-thumb.jpeg
682f0e1feb727-thumb.jpeg
682f0e2b282be-thumb.jpeg
682f0e2e83c08-thumb.jpeg
682f0e21ce4a3-thumb.jpeg
682f0e28f021b-thumb.jpeg
682f0e293c227-thumb.jpeg
682f0e2424ac9-thumb.jpeg
682f0f4bef60a-thumb.jpeg
682f0f6ea6998-thumb.jpeg
682f0f7b9e26d-thumb.jpeg
682f0f9e1bddc-thumb.jpeg
682f0f51c46cc-thumb.jpeg
682f0f79da528-thumb.jpeg
682f0f388da01-thumb.jpeg
682f0f448cf7a-thumb.jpeg
682f0f701b4e3-thumb.jpeg
682f0f743e004-thumb.jpeg
682f0f754b43f-thumb.jpeg
682f0f7985c53-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
682f0de3992bd-thumb.jpeg
682f0deae88c9-thumb.jpeg
682f0df9c2a98-thumb.jpeg
682f0df91137b-thumb.jpeg
682f0e1e54074-thumb.jpeg
682f0e1feb727-thumb.jpeg
682f0e2b282be-thumb.jpeg
682f0e2e83c08-thumb.jpeg
682f0e21ce4a3-thumb.jpeg
682f0e28f021b-thumb.jpeg
682f0e293c227-thumb.jpeg
682f0e2424ac9-thumb.jpeg
682f0f4bef60a-thumb.jpeg
682f0f6ea6998-thumb.jpeg
682f0f7b9e26d-thumb.jpeg
682f0f9e1bddc-thumb.jpeg
682f0f51c46cc-thumb.jpeg
682f0f79da528-thumb.jpeg
682f0f388da01-thumb.jpeg
682f0f448cf7a-thumb.jpeg
682f0f701b4e3-thumb.jpeg
682f0f743e004-thumb.jpeg
682f0f754b43f-thumb.jpeg
682f0f7985c53-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда бир катар энергетикалык объекттердин курулушун баштоого мезгил кутучасын салуу аземине катышты. 

Алгач, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында жалпы кубаттуулугу 9 мВт болгон “MGM-групп” ЖЧКсынын Куршаб-1, Куршаб-2, Куршаб-3, Куршаб-4 чакан гидроэлектростанцияларынын, ошондой эле электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү көмөк чордонунун (подстанция), мындан тышкары заманбап бетон чыгаруучу заводунун курулушунун башталышына старт берди. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы өлкөнүн жалпы энергетикалык абалына токтолуп, Кыргызстанда электр энергияны керектөө 18 млрд кВт/саатты түзүп, азыркы убакта өлкөнүн электр станциялары чыгарган энергия жетишсиз болуп жатканын, 14,7 млрд кВт/саат электр энергиясы өзүбүздөн чыгарылып, калган 3,6 млрд кВт/сааты импорттолоорун билдирди. Андыктан курулган ГЭСтердин кубаттуулуктарын көбөйтүү, жаңы ГЭСтерди куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи. 

“Чакан ГЭСтер – экологиялык жактан таза, туруктуу энергиянын булагы. Ат-Башы ГЭСи, Токтогул ГЭСинин 2 жана 4-агрегаттары оңдолду. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-агрегаты, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрдү. 50гө жакын чакан ГЭСтер пайда болду. Кубаттуулугу 1860 мВт болгон Камбар-Ата–1 ГЭСинин курулушу башталды, келишимдерге кол коюлду. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен биз энергияны экспорттой турган өлкөгө айланабыз, энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз”, — деген Адылбек Касымалиев, бетон заводу жөнүндө да токтолуп, азыркы жаңы технологиянын учурунда тынымсыз бетон куюу ыкмасын колдонуп имараттарды, объекттерди кыска убакытта куруп бүтүрүп жатканын, бул үчүн ар бир жерде өзүнчө бетон заводу зарыл экенин, алыстан ташып келгенче бетон катып кала турганын эске алып мындай бетон заводдорун жер-жерлерге куруу максаты коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жогорудагы чакан ГЭСтерди, көмөк чордонду куруунун сметалык баасы 870 млн сом жана бетон заводун курууга 70 млн сом жеке ишкерлер тарабынан каржыланган. 

Андан соң, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында аккумуляторлорду чыгаруучу заводун курууга мезгил кутучасын салуу аземине катышты. 

“Өнөр жай ишканаларынын курулушу — бул жаңы технология, инвестиция, экспорттук мүмкүнчүлүк жана эң башкысы жергиликтүү эл үчүн жумуш орундарын камсыздаган өнүгүүнүн башаты. Аккумулятор чыгаруу заманбап техниканын жүрөгү десек жаңылышпайбыз. Транспорттун дүйнөлүк рыногу өсүп жаткан мезгилде мындай ишкананын түзүлүшү өлкөбүздүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, инновациялык экономикага карай кадам болуп саналат”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, жалпы сметалык наркы 452 млн сомду түзгөн бул завод аккумулятор чыгаруу менен гана чектелбестен, күн нурунан кубатталуучу күн чырактарын, төмөнкү жана жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгыларын чыгарат.