Кара-Кулжанын Шаркыратма айылында жер көчтү – видео

Кырсык Загрузка... 14 Январь 2026 12:12
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Шаркыратма айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин 3 кызматкери, 1 офицер, ошондой эле айыл аймактан 1 кызматкер тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти.

"Алар жер көчкүнүн көлөмүн, кооптуулугун жана башка маалыматтарды тактоо иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.