Кара-Кулжа айылында Калкты тейлөө боюнча маданий борбор ачылды

Президент 1154 14 Апрель 2026 15:00
photo_5400255238637294769_y (1).jpg
photo_5400255238637294775_y.jpg
photo_5400255238637294777_y.jpg
photo_5400255238637294774_y.jpg
photo_5400255238637294779_y.jpg
photo_5400255238637294776_y.jpg
photo_5400255238637294772_y.jpg
photo_5400255238637294773_y.jpg
photo_5400255238637294770_y.jpg
photo_5400255238637294771_y.jpg
photo_5400255238637294769_y.jpg
photo_5400255238637294778_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5400255238637294769_y (1).jpg
photo_5400255238637294775_y.jpg
photo_5400255238637294777_y.jpg
photo_5400255238637294774_y.jpg
photo_5400255238637294779_y.jpg
photo_5400255238637294776_y.jpg
photo_5400255238637294772_y.jpg
photo_5400255238637294773_y.jpg
photo_5400255238637294770_y.jpg
photo_5400255238637294771_y.jpg
photo_5400255238637294769_y.jpg
photo_5400255238637294778_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа айылындагы Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты.

Борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүнү камсыздап, социалдык багыттагы объекттерди бир жерде жайгаштырууга багытталган.

Садыр Жапаров үч кабаттуу имараттын инфраструктурасы менен таанышып, андагы калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатр, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына жер тилкесинин жалпы аянты 0,45 гектарды түзөрүн маалымдап, долбоор район тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Андан соң президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын айтты. Өз кезегинде жашоочулар ишке ашырылып жаткан демилгелердин калктын жашоо шартын жакшыртуудагы маанисин белгилешип, аймактарды өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.