Кара-Балта – Чалдыбар жолун реконструкциялоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Экономика 741 17 Декабрь 2025 09:23
598333198_1173052125003532_6733154284912627884_n.jpg
600921528_1173051895003555_2530085082022810121_n.jpg
599945429_1173052201670191_4034309320807363497_n.jpg
599951127_1173052055003539_1606310008912716788_n.jpg
Алдыга
Артка
598333198_1173052125003532_6733154284912627884_n.jpg
600921528_1173051895003555_2530085082022810121_n.jpg
599945429_1173052201670191_4034309320807363497_n.jpg
599951127_1173052055003539_1606310008912716788_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделишине ишенимин билдирди.

Ал үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин ортосунда кол коюлган 15 млн евро өлчөмүндөгү грант жана техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашуу "Кара-Балта – Чалдыбар" унаа жолун реконструкциялоо долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда министр тарабынан Европа Биримдиги менен транспорттук процесстерди санариптештирүү, заманбап техникалык жана экологиялык стандарттарды киргизүү, логистикалык жана транспорттук чыгымдарды кыскартуу, өлкөлөр ортосундагы жүк жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча кызматташуу сунушталды.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.