Каныкей Стамалиева Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло медаль алды

Спорт 26 Май 2026 15:00
707048733_18409933048196946_7565064522841732171_n.jpg
707555920_18409933066196946_4092471973278976578_n.jpg
706090540_18409933075196946_4746039922405115415_n.jpg
Алдыга
Артка
707048733_18409933048196946_7565064522841732171_n.jpg
707555920_18409933066196946_4092471973278976578_n.jpg
706090540_18409933075196946_4746039922405115415_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыктоочу күнүндө өспүрүмдөр арасында Каныкей Стамалиева коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал лента менен машыгуу боюнча финалда 24.25 упай топтоп, жыйынтыгында Азия чемпионатынын коло байге ээси аталды.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Сингапурда өткөн Азия чемпионатында Каныкей байгелүү орунга бир аз гана жетпей, 4-орунду ээлеген. Ал эми быйыл Бишкекте өткөн континенталдык биринчиликте байгелүү орунду камсыздай алды.