Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Кант диабетин туура эмес дарыласа, же дарыланбаса, анын аягы башка ооруларга да алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун эндокринологу Нуркыз Абиева билдирди.
Дарыгердин айтымында, диабет же кант оорусу жыл сайын бир миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган жана өмүр бою созулган олуттуу абал. Ар бир адам кант оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Бул көбүнесе орто жаштагы жана жашы өтүп калган адамдарда кездешет. Биз тамактанганда, денебиз углевод жана кантка майдалап бөлөт. Уйку бези иштеп чыккан инсулин аттуу гормон организмдеги клеткалар күч-кубат алуусу үчүн ошол кантты сиңирип алуусун шарттайт. Инсулин иштелип чыкпай калганда же жакшы иштебей калганда канда кант топтолуп калып, диабет пайда болот.
“Диабеттин бир нече түрү бар.1-түрүндө уйку бездери инсулин иштеп чыкпай калат да глюкоза канда топтолуп кетет. Диабетке чалдыккан адамдардын болжолдуу 10 пайызы ушул 1-түрү менен ооруйт. Кант оорусунун 2-түрүндө уйку бездери жетиштүү деңгээлде инсулин иштеп чыкпай калат же болбосо гормон натыйжалуу иштебей калат”, - деди ал.
Ал белгилегендей, ооруда эң көп катталган белгилер төмөнкүлөр:
- суусоо;
- көп заара кылуу, айрыкча түндөсү;
- көп чарчоо;
- арыктоо;
- көздүн караңгылашуусу;
“Кант оорусуна генетикалык жана жаратылыш факторлору таасир этет. Бирок, зыянсыз диета жана активдүү жашоо образы менен кандагы канттын деңгээлин бирдей кармап турса болот. Кант кошулган азык-түлүктөн жана суусундуктардан баш тартуу жана ак ундан жасалган нан менен макарондун ордуна кара унду колдоно баштоо алгачкы жакшы кадам. Физикалык көнүгүүлөр дагы кандагы канттын деңгээлин түшүрүүгө жардам берет”,-деди дарыгер.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, ашыкча салмак кошпоо дагы дененин кандагы канттын деңгээлин төмөн кармап туруусун жеңилдетет. Эгерде арыкташыңыз керек болсо, анда акырындык менен, аптасына 0,5-1 кг айланасында салмак таштоого аракет кылыңыз. Жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн холестериндин деңгээлине дагы көз салып туруу маанилүү.
“Диабет өтүшүп кетсе эмне болот деген суроону көп беришет. Канда кант көбөйүп кетсе, кан тамырларды катуу жабыркатып коюшу ыктымал. Эгерде кан организмде айланбай калса, ал керектелген бөлүктөргө кан жетпей, нервдин жабыр тартышын шарттайт ,көрүү начарлап, бут инфекциялары пайда болот”,-деди ал.