Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясы ишке кирди

Президент 1317 16 Июнь 2025 15:35
508609240_1258532892948009_4969934550631468117_n (1).jpg
506977565_1258532172948081_6484928909640198609_n (1).jpg
508615061_1258532299614735_6277269804398451922_n.jpg
506829536_1258532179614747_2104522813754889931_n.jpg
507632823_1258532532948045_5711355103919047547_n.jpg
507124796_1258532842948014_1451117022091070923_n.jpg
506843703_1258532209614744_1713696830500900995_n.jpg
506939303_1258532222948076_8259905945374349624_n.jpg
506801233_1258532792948019_1612842119064647046_n.jpg
508308416_1258532276281404_8820981019705464937_n.jpg
508562937_1258532769614688_1430702636909759948_n.jpg
507950093_1258532389614726_5336750990556453114_n.jpg
506869655_1258532469614718_1858531838253500217_n.jpg
506749551_1258532689614696_5551973841583198969_n.jpg
506852625_1258532496281382_3864712274242874087_n.jpg
506798492_1258532412948057_6954770010412489053_n.jpg
508133492_1258532866281345_3909684497156040834_n.jpg
506847075_1258532709614694_697367163256807034_n.jpg
506977565_1258532172948081_6484928909640198609_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. “Эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт”, - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Кант шаарындагы Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү аземинде.

Заводду модернизациялоо заманбап технологияларга негизделген, бул өндүрүштүн көлөмүн арттырууга, өндүрүмдөрдүн сапатын жакшыртууга жана алар менен ата мекендик курулуш тармагын ишенимдүү камсыздоого шарт түзөт.

Мамлекет башчысы жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен куттуктап, бул долбоор өндүрүш тармагын жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен Кыргызстандын экономикасын жандандырып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Учурда Кыргызстанда курулуш тармагы ыкчам темп менен өнүгүп, өлкө боюнча жолдор, көпүрөлөр, турак үйлөр, мектептер жана башка социалдык объектилер курулуп жатканын айткан Садыр Жапаров сандык көрсөткүчтөргө көңүл бурдурду.

“2025-жылдын үч айында эле жалпы аянты 419 миң чарчы метрди түзгөн 3 300 үй пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 32,2 %га жогорулаган. Мындан тышкары, 138 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартылып, миңдеген үй-бүлөлөр үчүн жаңы жашоо башталууда. Бул мамлекеттин турак жай саясатынын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын айгинелейт”, - деди президент.

Ал ошондой эле ишкананын тарыхына кайрылып, 1964-жылы негизделген Кант цемент заводу Кыргызстандын өнөр жай тарыхындагы алгачкы ишканалардын бири болуп саналарын эске салды. Ошол күндөн бери өлкөбүздүн курулуш тармагын эл аралык талаптарга жооп берген цемент менен ишенимдүү камсыздап келет.

Заводду модернизациялоо долбоору Кытайдын “Beijing Triumph Engineering” компаниясы жана Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашты. Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миллион доллардан ашкан инвестициянын негизинде жылына 800 миң тонна клинкер өндүрө турган жаңы линия курулду.

Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 1 млн 156 миң тонна цемент өндүрүлүп, 800дөн ашык жаран жумуш менен камсыз болгон. Жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен, буюрса, заводдун өндүрүмү жылына кошумча 800 миң тоннага көбөйүп, 300дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Мамлекет башчы Кант цемент заводу өлкөбүздүн ири салык төлөөчүлөрүнүн катарына кирерин да баса белгиледи. 2023-жылы 1 млрд сомдон ашык салык төлөсө, 2024-жылдын жыйынтыгы менен андан 158 млн сомго көбүрөөк салык мамлекетибиздин бюджетине түшкөн. Бул мамлекет менен жеке сектордун түз, так жана жоопкерчиликтүү өнөктөштүгүнүн жыйынтыгы болуп калды.

“Ушул сыяктуу натыйжалуу иш-аракеттерибиздин жыйынтыгында “эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда сүйүктүү Кыргызстаныбыз сөзсүз өнүгөт!”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Соңунда мамлекет башчысы жаңы заманбап өндүрүш линиясынын ишке кириши — бул бир гана экономикалык өсүш эмес, кызматкерлердин, инженерлердин, технологдордун, куруучулардын жана ишкананын жалпы жамаатынын мээнетинин, талыкпаган эмгегинин, коомчулук алдындагы жоопкерчилигинин жемиши экенин баса көрсөттү.

Сөз сүйлөгөндөн кийин президент Садыр Жапаров баскычты басып, жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизди, ошондой эле Кант цемент заводунун иши менен таанышып чыкты.