Канат Табалдиев УКМКнын Ош аймактык башкармалыгын жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор 714 03 Март 2026 15:25
646678482_122202993788368081_2845649160448658541_n.jpg
646727635_122202993824368081_2787311375339391610_n.jpg
Алдыга
Артка
646678482_122202993788368081_2845649160448658541_n.jpg
646727635_122202993824368081_2787311375339391610_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн өкүлчүлүктүн жыйындар залында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Канат Табалдиевди тааныштырды.

Иш-чарага облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.