Канадада парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2025 10:57
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Канаданын премьер-министри Марк Карни өлкөдө парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, Канадада кийинки парламенттик шайлоо 20-октябрдан кечиктирилбестен өтүшү керек болчу, бирок премьер-министр шайлоону эртерээк жарыялоого укуктуу. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.

“Канадада Вестминстердик парламенттик демократия: өлкөнүн жарандары общиналар палатасынын мүчөлөрүн түрдүү партиялардан шайлашат. Көп добуш алган партиянын лидери өкмөттү башкарат.

Келечекте партия лидери алмашышы мүмкүн, андан кийин премьер-министрдин алмашуусу ыктымал. Эске салсак, 6-январда Либералдык партиянын лидерлигинен кеткен Жастин Трюдонун ордуна келген Карни дагы кызматка ушул жол менен келген. Ушундан кийин Либералдык партияда атаандаштык менен ички партиялык шайлоолор болуп, аны Марк Карни ишенимдүү жеңди.

Канаданын мыйзамдарына ылайык, федералдык шайлоолордун ортосундагы максималдуу мөөнөт беш жыл. Ошондуктан кийинки шайлоо 20-октябрда өтүшү керек болчу.

Бирок, мыйзам премьер-министрге шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындоого мүмкүндүк берет. Бул эки учурда болот: британ монархынын өкүлү болгон генерал-губернатор премьер-министрдин кеңеши менен макул болуп, парламентти таратканда жана парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча добуш бергенде жана генерал-губернатор премьер-министрдин отставкасын кабыл алганда.

Карни генерал-губернаторго парламентти таркатууну сунуш кылды”,-деп айтылат маалыматта.