Камсыздандырылган балдардын курагы 18 жашка чейин жогорулады. Мыйзамга кол коюлду

Президент Загрузка... 23 Апрель 2026 18:20
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 1-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Бул мыйзамдын максаты Кыргызстанда жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен, ошондой эле калктын айрым категорияларын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу болуп саналат. 

Мыйзам менен балдардын курагын он алты жаштан он сегиз жашка чейин жогорулатууну каралган өзгөртүү киргизилген, ал үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.