Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Турсункулов Кайрат Эркинович тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылдын 23-майында төрөлгөн.
2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.
Ошондой эле өкмөттүн аппаратында жана Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы элчиликтеринде иштеген.
1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ. Англис жана немис тилдерин билет.