Кадамжайда мектептин курулушунда бетондун бекемдиги текшерилди

Укук тартиби Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 15:55
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Баткен облусундагы Кадамжай районунун Эшме айылында 150 орундуу мектептин курулушундагы бетондун бекемдигин текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер бетондун бекемдигин бузбай текшерүү ыкмасы менен сыноодон өткөрдү. Бул ыкма бетон конструкцияларынын бүтүндүгүн бузбастан алардын иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоого жана белгиленген талаптарга шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр курулуш иштеринин жүрүшүндө мүмкүн болгон четтөөлөрдү өз убагында аныктоого өбөлгө түзөт.