Үйлүү болсом деген жарандарга мамлекет турак жай куруп жатат – Акылбек Жапаров

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 16:16
WhatsApp Image 2026-01-12 at 08.52.31 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Үйлүү болсом деген жарандарга мамлекет турак жай куруп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров “Беш жыл - жаңы доордун башаты” даректүү тасмасында билдирди.

Анда ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуштарына токтолуп, 4 пайыз менен батирлер берилип жатканын айтты.

“Президент Садыр Жапаров чет мамлекетте жүргөндө дагы бир топ кишилер менен сүйлөшкөн экен. Биз дагы сураштырсак, мигранттар Кыргызстанда үйүм болсо, кайра өлкөгө кетмекмин дешкен. Анан Кыргызстандагы жаштардын көпчүлүгү айтты, биз эч жакка кетпейт элек, эгерде үй ала турганга шарт болсо деп. Азыр ошондуктан 4% менен ипотекалык үйлөр жеке эле Бишкек, Ош шаарларында эмес, өлкө боюнча райондордун борборлорунда курулуп жатат. Анткени айылда да жаштарыбыз жакшы шарт менен жашашы керек. Элибиздин саны 10-20 миллионго чейин көбөйүш керек. Алардын жашоо-турмушунун сапаты көтөрүлүш кажет. Ошондуктан мына бүгүнкү күнү 60 миңден ашык батир курулуп, жарандар четинен үйлүү болуп жатат. Мына ушундай чоң иштердин баары башталган. Эч ким ишенген эмес. Баланын кыйынчылыгын, кантип өстүргөнүн ата-энеси эле билет дегендей, бюджеттин кантип көтөрүлгөнүн президент, премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү эле билет, кандай азап чегип жатканын, ал эми эл болсо муну өзүнүн турмушу аркылуу гана баа бере алат”, - деп белгиледи ал.