ИИМ эскертет: Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн катаал жоопкерчилик каралган

Загрузка... 06 Май 2026 10:05
IMG_0543.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 06.05.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, зомбулукту болтурбоо жана ар бир жарандын укуктарын коргоо багытында түшүндүрмө берип, коомчулукту аяр мамилеге чакырат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу — бул чыр-чатактарды тамырынан бери болтурбоого багытталган комплекстүү чаралардын жыйындысы. Коомдо зомбулуктун бардык түрлөрүнө — физикалык, психологиялык жана экономикалык кысымдарга таптакыр жол бербөө түшүнүгүн калыптандыруу негизги маселе болуп саналат.

Министрлик ар кандай пикир келишпестиктер өз ара сый-урмат, түшүнүшүү жана ачык диалог аркылуу гана чечилиши керектигин белгилейт. Ошондой эле жарандар үй-бүлөлүк зомбулук үчүн каралган укуктук жоопкерчиликтерди терең билүүсү шарт.

“Зомбулукка кабылган же ага күбө болгон жарандар жардам алуу үчүн укук коргоо органдарына, кризистик борборлорго жана социалдык кызматтарга кайрыла алышат. Көйгөйдү жашырбай, өз убагында жардам суроо — чыр-чатактын күчөп кетүүсүнүн алдын алат жана коопсуздукту камсыз кылат”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тобокел тобундагы үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Анда психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү, мыйзам ченемдерин түшүндүрүү иштерине өзгөчө басым жасалат.

ИИМ зомбулук мыйзам бузуу болуп саналарын, ал үчүн жоопкерчилик катуу каралганын эскертет. Коопсуз үй-бүлө — бул туруктуу жана бакубат коомдун тиреги.