Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Италиялык Жакомо Кыргызстанга келгенине 2 ай болду. Учурда ал Бишкек шаарында жашап, иштеп жатат.
Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештерге күбө болуп, Кырчын жайлоосуна жана Чолпон-Атадагы ат майданга барууда.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жатам. Ат майданга да, Кырчынга да бардым. Абдан сонун таасир алдым. Жамгырлуу аба ырайына карабастан, бардыгы абдан жагууда. Бүгүн ат майданга келип, спорттук оюндарды көргөнү жатам.
Бул жерде жашап, иштеп жатканыма 2 ай болду. Дагы бир жылдай калам. Бул менин жашоомдогу эң сонун күндөр болууда. Кыргызстан — Борбор Азиядагы эң кооз жер. Бул өлкөнү абдан жакшы көрүп калдым.
Бул жердеги адамдар абдан боорукер жана меймандос экен. Кыргызстанда мындан да узагырак жашагым келет. Ошондуктан кыргыз тилин үйрөнүүнү пландап жатам”, — деди Жакомо.