Испанияда ысыктан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2026 09:15
17804903954418233889_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Май айында Испанияда аномалдуу ысыктан улам 101 адам каза болду. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул 2015-жылдан бери (мындай эсептөөлөр жүргүзүлө баштагандан бери) катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул көрсөткүч акыркы он жылдагы май айындагы орточо өлүмдүн санынан 3,6 эсе көп.

Испаниянын шаарларында, өзгөчө өлкөнүн түндүгүндө температуралык рекорддор жаңыланууда.

Aemet улуттук метеорологиялык кызматы бул кубулушту май айы үчүн өзгөчө жогорку температура жана анын узакка созулушу мүмкүн экенин белгиледи. Өкмөт жай келе электе эле башталган мындай эрте ысык аба ырайы адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирерин эскертүүдө.

Маалыматтар Испаниядагы өлүм учурларын күн сайын каттап туруучу "MoMo" тутумунан алынган. Ал иш жүзүндөгү өлүмдөрдүн санын тарыхый маалыматтарга негизделген статистикалык божомолдор менен салыштырып турат.

Жалпысынан Испанияда 2015-жылдан 2025-жылдын жай айларына чейин аптаптан улам 27 564 адам көз жумган.