Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. 12-августта Испаниянын материктик бөлүгүндө акыркы жүз жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу күн толугу менен тутулат. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, Ай Күндү толугу менен жаап, күн батып баратканда Испаниянын айрым аймактарында асман бир нече мүнөткө караңгылайт. Айдын көлөкөсү Жердин үстү менен болжол менен 8 260 чакырым аралыкты бир жарым сааттын ичинде басып өтөт. Толук фазанын эң узак убактысы Исландиянын батыш жээгинде болуп, 2 мүнөт 18 секундга чейин созулат.
Бул сейрек кездешүүчү кубулушту Гренландия менен Исландиянын айрым аймактарынын тургундары да көрө алышат.
Астрономдордун айтымында, Испанияда мындай көрүнүш акыркы жолу 1912-жылы болгон. Ал эми айрым адистер өлкөдө 1905-жылы да мындай кубулуш катталганын белгилешет.
Ошондой эле бул кубулушту Канаданын, АКШнын түндүгүнүн, Европанын көпчүлүк бөлүгүнүн, Батыш Африканын, Алясканын жана Сибирдин жашоочулары жарым-жартылай көрө алышат.
Бул күн башка дагы асман кубулуштарына да бай болот. Таңга маал алты планета бир сызыкка жакын тизилип көрүнсө, түнкүсүн Персеид метеор жааны эң жогорку чегине жетет.
Бул өзгөчө окуяга байланыштуу Европа космостук агенттиги, NASA жана башка илимий уюмдар түз эфир уюштуруп, байкоолорду жүргүзүшөт. Америкалык окумуштуулар Испания жана Исландия аймагынан 60тан ашык стратосфералык шар учуруп, күн тутулуу учурунда Жердин атмосферасындагы өзгөрүүлөрдү изилдешет.
Ошондой эле 2027-жылдын 2-августунда дагы бир жолу күн толук тутулат. Бул жолу Испаниянын түштүгүндө толук фаза 6 мүнөт 23 секундга чейин созулуп, акыркы жылдардагы эң узак тутулуулардын бири катары тарыхка кирери күтүлүүдө.