Бишкек, 06.06.25. /Кабар/. Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Египет, БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Алжир жана Палестина баштаган бир катар мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана жалпы Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттукташты.
Куттуктоо телеграммаларында тынчтык, биримдик, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалоолору айтылып, ошондой эле майрамдын руханий баалуулуктары даңазаланган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Бизди биримдикке үндөгөн ушул майрам жалпы адамзат үчүн тынчтыктын жана бейпил жашоонун булагы болсун», - деп айтылат куттуктоодо.
Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
"Мусулмандардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлеген бул ыйык майрам руханий жана ырайымдуулук баалуулуктарынын айкын көрүнүшү катары бүткүл дүйнөгө жарык чачып, элдерибиздин биримдигин чыңдасын", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу ишинде албан ийгиликтерди жана бакубатчылыкты, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Ал эми, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда:
“Бул ыйык майрам баарыбызды жалпы тарыхы, тили, дини жана салттары бар элдерибиздин ортосундагы боордоштук духун мындан аркы чыңдоого чакырат. Акыркы жылдары бекем саясий эрк жана жогорку деңгээлдеги активдүү саясий диалогдун аркасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ынак коңшулаштык мамилелер жаңы сапаттык жана мазмундук деңгээлге чыкты.
Биздин умтулуулардын натыйжасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк алакаларыбыз мындан ары да кеңейет деп ишенем», - деп айтылат.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдин куттуктоосунда:
«Куттуу Курман айт майрамына карата менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз.
Миңдеген жылдарга тамырын жайган жана адамзаттын бийик руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө салым кошот деп терең ишенем», - деп айтылат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосунда:
«Жалпы мусулман үммөттөрү жаңы үмүт менен келишин күткөн бул куттуу майрамга байланыштуу эң жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыз. Анын бийик руханий идеалдары – гуманизм, сабырдуулук, жакшылык, кайрымдуулук жана өз ара колдоо мындан кийин да биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин ортосундагы достук, ынак коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелерин мындан аркы чыңдоонун бекем негизи катары кызмат кыла берерине ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас куттуктоосунда:
«Курман айт майрамына карата биздин эң жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыз. Сизди жана боордош кыргыз элин куттуктайбыз. Тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», - деп айтылат.
Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин куттуктоосунда:
“Терең руханий мааниси бар Курман айт майрамы бизди бириктирип турган асыл баалуулуктарды эске салып, күч-аракеттерибизди активдештирүүгө, элибиздин мүдөө-тилектерин орундатууга жана келечек муундар үчүн кыйла жаркын жана гүлдөп-өнүккөн келечекти ишке ашырууга жамааттык берилгендикти жандандырууга чакырат», - деп айтылат.
БАЭ президенти Шейх Мухаммад Бин Заид Аль-Нахаяндын куттуктоосунда:
«Сизди Курман айт майрамы менен куттуктоо жана Сизге чын дилден чыккан тилектеримди билдирүү мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч. Жараткан Алладан Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Ислам үммөтүнө даңк жана улуулукту тилейм», - деп айтылат.
Кувейттин мураскор ханзаадасы Сабах Халид аль-Хамад аль-Сабахтын куттуктоосунда:
«Рухий жана ишенимге толгон бул куттуу күндөрү ушул жана ушул сыяктуу майрамдар Кыргыз Республикасына жана анын достош элине мындан аркы өнүгүү, прогресс жана гүлдөп-өсүү, ал эми ислам үммөтүнө – жакшылык, жыргалчылык жана бакубатчылык алып келишин Жараткандан суранам», - деп айтылат.
Бахрейн королу Хамад бин Иса Аль Халифанын куттуктоосунда:
“Сизди Курман айт майрамынын келиши менен чын дилден куттуктайбыз жана эң жакшы каалоо-тилектерибизди билдиребиз. Ушул кубанычтуу майрам Сизге жана боордош кыргыз элине албан ийгиликтерди, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү алып келүүсүн Жараткандан тилейбиз. Ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө боорукерликти, тынчтыкты жана кут-береке каалайбыз”,- деп айтылган.
Алжирдин президенти Абдельмаджид Теббундун куттуктоосунда:
«Жараткан Алладан Сизге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү тилейм.
Жараткандан бизге жана бүткүл мусулман үммөтүнө ырайым, береке жана марттык тилеп дуба кылам», - деп айтылат.
Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Шейх Мухаммад Бин Рашид Аль-Мактумдун куттуктоосунда
«Жараткан Алладан Сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, Ислам үммөтүнө даңк жана улуулукту тилейм», - деп айтылат.
Ошондой эле, БАЭ вице-президенти, премьер-министрдин орун басары, БАЭ президентинин администрациясынын министри Шейх Мансур бин Заид Аль Нахаяндын Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин куттуктаган.