Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Ислам академиясында имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, академия мамлекеттик бюджеттен каржыланып, өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатына шайкеш иш жүргүзүп, салттуу ислам дининин баалуулуктарын илимий негизде изилдөөнүн жана жайылтуунун кепилдиги болуп бермекчи. Салтуу ислам баалуулуктарына ылайык диний билимге муктаждык өсүп жаткандыктан, Ислам академиясы буга жооп катары эсептелет.
“Академиянын негизги миссиясы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү ислам каржылоосунун актуалдуулугун эске алганда, академияда ислам финансылык системалары, ислам банкинги жана экономикалык долбоорлор боюнча билим берүү программалары да иштелип чыгат. Академияда имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулуп, заманбап талаптарга жооп берген чоң илимий китепкана түзүлмөкчү. Буюрса, мындай аракеттер менен Академия улуттук эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда сыймыктуу илим жана билим берүү борборуна айланат”, - деп айтты Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле мектептерде окутулуп жаткан “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаш муундун диний сабаттуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи. Мындан тышкары, бул предметти окутууда квалификациялуу мугалимдер жана мазмундуу окуу материалдары менен камсыз кылуу керектигин да кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ислам академиясы теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы катары мамлекет башчысынын жарлыгы менен түзүлгөн.
Кампустун аянты 2 гектар түзөт, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкталган.