Өлкөдө акыркы жылдары дарыгерге болобу, мугалимге болобу, деги эле иш үстүндөгү кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кадыр-баркына шек келтирип, кол көтөргөн учурлар көп кездеше баштады. Өз кесибинин ээлери күнү-түнү дебей иштеп, акыры чын жүрөктөн айтыла турган ыраазычылыктын ордуна уруп-согууларга кабылганына нааразычылыгын айтып келишет.

Эми мындай окуялар катталса, мыйзам чегинде күнөөлүү тараптын жоопкерчилиги каралып, жазаланат.
Бүгүнкү күндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште. Ушул аптада парламент “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинети. Эл өкүлдөрүнө документти саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тааныштырды.

Эркин Чечейбаевдин айтымында, мыйзам долбоору кызматтык, кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырып же коомдук милдеттерин аткарып жаткан адамдарды жарандар тарабынан жасалуучу зомбулуктардан коргоо, уюмдарда болуучу зомбулук учурларын алдын алуу жана эмгек коопсуздугун камсыздоо үчүн ченемдик укуктук актыларды мыйзамдык негиздерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. Мыйзам дарыгерлерди, мугалимдерди, жалпылап айтканда коомдук жана мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн жумушчулардын кадыр-баркын сактоого багытталган.
“Кызматтык, кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырып же коомдук милдеттерин аткарып жаткан адамдарга карата орун алып келе жаткан зомбулуктар олуттуу көйгөй болуп саналат жана өзгөчө көңүл бөлүүнү жана кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылат. Кыргызстанда медициналык кызматкерлер, окутуучулар жана башка жумушчулар өңдүү өз кызматтык ыйгарымдарын жүзөгө ашырып жатышкан адамдарга карата физикалык жана вербалдык түрдө көрсөтүлүп жаткан зомбулук учурларынын саны күн санап өсүп жаткандыгы байкалат. Бул өз кезегинде алар аткарып жаткан иштин сапатына, көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамга жана саламаттык сактоо системасынын беделине тескери таасирин тийгизүүдө. Ушуга байланыштуу медициналык кызматкерлерди, окутуучуларды, ошону менен бирге жумушчуларды жана ишмердүүлүктүн башка чөйрөсүндө эмгектенишкендерди коргоо жана алардын эмгектеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзамдуу чараларды кабыл алуу зарылчылыгы чыгып отурат”, - дейт министр.

Зомбулуктун жана коркутуунун жумуштун сапатына тийгизген таасири
Бүгүнкү күнү дарыгерлер, медайымдар жана башка медициналык кызматкерлер бейтаптар, же алардын жакын туугандары, ал тургай бейтааныш эле адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болушууда. Бул албетте, медициналык кызматкерлердин ден соолугуна коркунуч жаратат жана медициналык мекемелер менен бирге ишмердүүлүктүн башка чөйрөсүндө эмгектенишкендердин кадыресе иш алып баруусуна жолтоо болот.
“Медициналык кызматкерлерге карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктар көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатына тескери таасир этип, стресстик кырдаалды жарата жана дарыгерлердин өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна жолтоо болот, дарылоо жана дарт аныктоо иштеринде катачылыктардын орун алуусуна алып келип, ишмердүүлүктүн башка чөйрөсүндө шугулданып жатышкан кызматкерлер менен жумушчулардын ишинин сапатына тескери таасир тийгизет. Медициналык кызматкерлердин жана башка чөйрөдөгү жумушчулардын, кызматчылардын укуктарын бузуу: адамдарга карата жасалуучу физикалык жана вербалдык зомбулук алардын эмгектин коопсуз шарттарына карата болгон укуктарын бузуу болуп саналат. Бул алардын кесиптик ишмердүүлүгүнүн эркиндигине тоскоол этип, физикалык жана психологиялык бакубаттыгына коркунуч жаратат”, - деп белгиледи Эркин Чечейбаев.

Мыйзам аркылуу кандай иштер жасалат?
– зордук-зомбулук үчүн жазаны күчөтүү. Кызматтык, кесиптик иш-аракеттерди жасаган адамдарга карата катаал жазаларды киргизүү менен айыптын өлчөмүн көбөйтүү;
–укуктук коргоону камсыз кылуу: кызматтык жана кесиптик ишмердүүлүк менен алектенген адамдарга зомбулук болгон учурда юридикалык колдоо жана зыяндын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле алардын эмгектин коопсуз шарттарына болгон укугуна кепилдик берүү.
–кызматтык жана кесиптик ишмердикти жүзөгө ашыруучу адамдарды чыр-чатактарды деэскалациялоо ыкмаларына окутуу: бейтаптар менен конфликттик кырдаалдардын алдын алуу жана чечүү ыкмалары боюнча окуу программаларын жана семинарларды өткөрүү;
–медициналык жана билим берүү мекемелеринде жана иштин башка чөйрөлөрүндө коопсуздук системаларын жакшыртуу: мекемелерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды киргизүү, анын ичинде видео байкоо, кирүүнү көзөмөлдөө жана коркунуч тууралуу билдирүү түйүндөрүн орнотуу.

Мыйзам чегинде зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо чаралары кандай болот?
Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
Ден соолукка жеңил залал келтирүү:
- Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө (20 000 - 50 000 сомго) чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.
- Адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалган ушундай эле жосун 500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө (50 000 - 100 000 сомго чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Жаңы мыйзам долбоору жеке адамдарга зомбулук көрсөткөндүгү үчүн мыйзамдуу жоопкерчиликти белгилөөнү, анын ичинде зордукчуларды кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууну сунуштап жатат.
Кызматтык, кесиптик ишиндеги адамдарды укуктук жактан коргоо жана зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурларда аларга колдоо көрсөтүү, чыгымдарынын ордун жабуу жана моралдык жабыркоосун компенсациялоо талап кылынат.
Кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө Жазык-процесстик кодексинин 159-беренесине ылайык ички иштер органдарынын тергөөчүсүнүн тергөөсүнө байланыштуу жүргүзүлөрүн белгилей кетүү зарыл.
Кыргызстандын көз карандысыз медициналык кесиптик бирлигинин төрайымы Бермет Барыктабасова медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлерге карата зомбулук кылгандарга мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен чара көрүү зарыл деп эсептейт. Анткени мындай мыйзамга медицина кызматкерлери муктаж болчу.

“Бейтаптар, алардын туугандары өзүнүн кесиптик ишин аткарып жаткан дарыгерлерге "туура жардам көрсөтпөй жатасын" деп уруш-талаш чыгарып, муштумдары менен согуп, кемсинтишкен учурлар тилекке каршы көбөйүп жатат. Мындай көрүнүштөр токтош керек. Дарыгерге оорулууну кантип дарылаш керек дегенди эч ким үйрөтүүгө акысы жок. Бул Жарандардын саламаттыгын сактоо мыйзамында так-даана көрсөтүлгөн. Жаңы мыйзамга медицина кызматкерлери муктаж болчу. Зомбулук көрсөтүү учурларынын көбөйүшүнө жазалоо чараларынын жоктугу да себеп болуп жатат. Эми бул жаңы мыйзам иштеп баштай турган болсо, күнү-түнү өз ишин аткарып жаткан дарыгерлерге карата зомбулук көрсөтүү токтойт деп ойлойм. Анткени кызмат учурунда зомбулуктан коргоо чаралары күчөтүлөт. Бул дагы да алдыга соң кадам ташталгандын белгиси. Буга медициналык кызматкерлер абдан кубанууда”, - деп белгиледи Бермет Барыктабасова.
Кызматтык жана кесиптик ишмердикти жүзөгө ашыруучу адамдарды жарандардын зомбулуктарынан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу алардын эмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу жана укуктарын коргоо жолундагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул мыйзам долбоору мекемелерде зордук-зомбулуктун алдын алууга, жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана ар бир адам үчүн жагымдуу иш чөйрөсүн түзүүгө багытталган.