Ишкерлерге басым көрсөтүүгө жол берилбейт – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 14:00
photo_5264739760499004076_w.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей тургандыгын дагы бир жолу эскертти.

Мамлекет башчысы кеңешмеде отурган бардык укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө кайрылып, ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек экендигин белгиледи.

"Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул, албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Мына ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди, бизнесмендерди негизсиз текшерүүлөрдү токтотуңуздар. Алардын ишине тоскоолдук кылып отчет алып, көзөмөлдөп же негизсиз кабинетиңерге чакырганыңарды койгула", - деди Жапаров.

Ошол эле учурда жетекчилерге кайрылып, коррупцияга малынбай калыс, адилет иштеп берүүгө чакырды.

"Кабинетте бекинип отура бербей эл аралап, элдин кандай көйгөйлөрү болсо четинен чечип тургула. Эл менен жакын болгула. Эгер кокус силер дагы мамлекеттин бюджетине кол салып, бизди эч ким текшере албайт, сурай албайт деп коррупцияга малынсаңар, анда силерге да аёо жок. Ошону эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Биз Кыргызстандын экономикасынын жүрөгү, инновациялардын жана жаңы жумуш орундарынын булагы ишкерлер болушун каалайбыз. Мамлекет дайым алардын жанында болот, коргоосуна алат жана кепилдик берет. Биз бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз. Туруктуу жана түшүнүктүү эрежелер бардыгы үчүн бирдей болгон мүмкүнчүлүктөр менен камсыз болот. Биздин Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек", - деди мамлекет башчысы.