Мамлекет ишкерлерди колдоого жарым миллиард сом бөлдү. Каржылоо орто жана чакан ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлөт. Программанын максаты - ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикасын бекемдөө. "Кабар" агенттиги "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кылычбек Асековго кайрылып, ишкерлер насыя алуу үчүн кайда кайрыла аларын, каражат кандай шартта ишкердиктин кайсы тармагына берилерин сурады.

— Кылычбек Төлөмүшевич, ушул жумада Ишкердикти өнүктүрүү фонду Финансы министрлигинен баштапкы капитал катары 500 млн сом алганын билдирди. Бул каражат ишкерлерге жылдык 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя катары берилет экен. Ушул боюнча айтып берсеңиз.
— Ооба, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги буйругу менен "Чакан жана орто бизнести жеңилдетилген каржылоо" долбоору бекитилген. Бул программанын алкагында чакан жана орто бизнеске жылдык 8% менен насыя берилет.
Насыяны айыл чарбасынан башка бардык тармактарга ала алышат. Бул агрардык тармакта буга чейин эле бир катар мамлекеттик программалар ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат, аларды кайталабоо үчүн министрлер кабинети тарабынан ушундай чечим кабыл алынган.
Жеңилдетилген насыя 5 млн сомго чейин берилет. Мөөнөтү 5 жыл.
— Бизге белгилүү болгондой, азыр сиздер Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлер үчүн 16 пайыз, ал эми аймактардагы бизнес үчүн 12 пайыздык насыяларды берип келесиздер. 8 пайыз менен бериле турган жаңы кредиттер дагы аймактардагы ишкерлер гана берилеби?
— Жок, программанын алкагында аймактар боюнча чектөөлөр жок. 8 пайыздык насыяларды аймактардагы ишкерлер дагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлер дагы ала алышат.

— Учурда жеңилдетилген жаңы насыя алуу үчүн канча ишкер кайрылды?
— Бул программа боюнча арыздарды кабыл алуу 25-июндан кийин башталат, анткени биз каражатты Финансы министрлигинен 17-июнда гана алдык. Каражат бизге уставдык капиталды көбөйтүү түрүндө түшкөндүктөн, белгилүү бир процедуралардан өтүү керек. Ошондон кийин гана кредиттерди бере баштайбыз.
Жалпысынан ишкерлерди колдоо боюнча айта турган болсок, акыркы үч жылда биз 1 498 кичи жана орто бизнес субъекттерине жалпы суммасы 1,8 млрд сомдон ашык насыя бердик.
— Сиздерге кредит алуу үчүн ишкерлер өлкөнүн кайсы аймагынан көп кайрылышат?
— Биз Чүй облусу жана Бишкек шаарынан кайрылган ишкерлерге көп кредит бердик. Алар биринчи орунда турат. Экинчи орунда Ысык-Көл облусу, ал эми үчүнчү орунда Ош облусу жана Ош шаары турат.

— Көпчүлүк учурда ишкерлер бизнестин кайсы түрү үчүн насыя алышат?
— Биздин өлкө негизинен агрардык республика болгондуктан, насыянын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасына багытталат. Эгер цифра менен айта турган болсок, фонд тарабынан берилген жалпы кредиттин 34,6 пайызы агрардык тармакка туура келет.
Биз ошондой эле аялдар ишкердигин активдүү колдоп келебиз - аларга жалпы кредиттин 24 пайызы туура келет. Насыяны өндүрүш, соода, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарга дагы алууга болот.
Мындан тышкары, биздин фонд ар бир ишкерге жекече мамиле кылат. Бул өзгөчө насыяны төлөө графигине тиешелүү – ал карыз алуучунун каалоосун эске алуу менен түзүлөт. Мисалы, кардар кварталдык төлөмдөрдү тандай алат, бул сезондук ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу.
Белгилей кетчү нерсе, биздин компания өлкөдөгү 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык, Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн жалгыз микрокредиттик уюм. Андыктан биздин негизги максатыбыз жогорку көлөмдөгү пайда алуу эмес, чакан жана орто бизнести колдоо. Ошондуктан бизде пайыздык үстөктөр башка микрокредиттик компаниялардын көбүнө караганда төмөн.