Сүйүнали Амракулов Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары болду — Кабар

Сүйүнали Амракулов Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 11 ноябрь 2025 15:40
WhatsApp_Image_kScTBhe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_SiqXUq3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_3c63KSx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев оперативдик иштер боюнча жаңы дайындалган орун басар — Сүйүнали Мамарасулович Амракуловду тааныштырды.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, тааныштыруу учурунда министрдин орун басары Сүйүнали Амракуловдун кесипкөйлүгүн, жетекчилик сапаттарын жана жоопкерчилик деңгээлинин жогору экенин белгилеп, алдыдагы кызмат ишинде ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Сүйүнали Амракулов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.