Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы адистерге сыйлыктар ыйгарылды

Министрлер кабинети 22 Декабрь 2025 19:02
FB_IMG_1766408513070.jpg
FB_IMG_1766408515798.jpg
FB_IMG_1766408518963.jpg
FB_IMG_1766408521423.jpg
FB_IMG_1766408524175.jpg
FB_IMG_1766408525899.jpg
FB_IMG_1766408527237.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1766408513070.jpg
FB_IMG_1766408515798.jpg
FB_IMG_1766408518963.jpg
FB_IMG_1766408521423.jpg
FB_IMG_1766408524175.jpg
FB_IMG_1766408525899.jpg
FB_IMG_1766408527237.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарага катышып, анда министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана минкаб төрагасынын алкышын тапшырды.

Сыйлыктарда өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн бир катар жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жетишкендиктери белгиленди.

Сыйлыктар бир нече негизги багыттар боюнча берилди. Атап айтканда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана интеллектуалдык потенциалын чыңдоого зор салым кошкон инсандар, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн инсандар белгиленди.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин атынан бир катар жарандарга ак эмгеги, ак ниети, мамлекеттик тапшырмаларды жана демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн алкыш билдирилди.