Жазгы туруксуз аба ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү байкалып, табигый кырсыктардын коркунучу күчөйт. Жыл сайын жаз мезгилин утурлай, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги масштабдуу иштерди жүргүзүп, мамлекет тарабынан ири суммада каражаттар бөлүнүп келет. Табигый кырсыктардан коргонуу үчүн мамлекеттик органдар гана эмес, ар бир жаран жоопкерчиликтүү болушу кажет. Адистердин пикиринде, арыктарды тазалоодон тартып турак жайды камсыздандырууга чейинки аракеттер кырсыктын кесепеттерин азайтууга өбөлгө болмокчу. Учурда аба ырайына байланыштуу өлкө аймактарындагы абал жана ӨКМдин кырсыктардын алдын алуу боюнча иштери тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Беренбеков маек берди.

— Жаз мезгилиндеги аба ырайына жана жаан-чачындарга байланыштуу өлкө аймактарында абал кандай?
— Жаздын келиши менен республика аймагында бир канча табигый мүнөздөгү процесстер активдешип баштайт. Алардын бири жер көчкү процесси, ал сентябрдан март айына чейин жер катмарында топтолгон нымдуулуктан келип чыгат. Буга жер титирөө фактору да таасир берет. Республиканын аймагы кооптуу сейсмикалык регион болгондуктан, жер титирөө процесси да жер көчкүнүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Экинчи кооптуу процесс болгон суу каптоого жер-жерлерде өз учурунда суу өткөрүүчү курулмалардын, иригациялык системалардын жана түтүкчөлөрдүн тазаланбагандыгы себеп болот. Каналдар ар кандай таштандыларга, калдыктарга толуп калгандыктан, суу каптоолор келип чыгат.

ӨКМ өкүлдөрү жер-жерлерде суу каптоонун себебин аныктоо иштерин жүргүзүүдө эң жөнөкөй суу өткөрүүчү курулмалардын, түтүкчөлөрдүн таштандыларга, калдыктарга толуп, жылдап тазаланбагандыгын аныкташкан. Дээрлик иригациялык түзүмдөрдүн 70-80 пайызы калдыктарга толуп калгандыктан, суу каптоолор келип чыгууда. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин, айыл өкмөттөрдү жазалоо, тартип колдонуу боюнча президенттин администрациясына тиешелүү материалдарды тиркеп, сунуштарыбызды бергенбиз.
Ал эми үчүнчү кооптуу процесс сел жана суу ташкыны дарыяларда суунун кескин көтөрүлүшүнөн келип чыгат. Биз ӨКМдин социалдык баракчаларынан, маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү таратып жатабыз. Учурда 28-мартка чейин өлкө аймактарындагы бир канча унаа жолдорунда, тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Тийиштүү бардык мекемелердин өздүк курамы тиешелүү техникалары менен даярдык көрүп, тийиштүү иштер жүрүүдө.

— ӨКМ тарабынан табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн кандай иш-аракеттер жүргүзүлүүдө?
— Биринчиден, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары каналдарды механикалык тазалоону, жаңы суу алып өтүүчү каналдарды казууну, сел тосмолорду механикалык тазалоону, габион торчолор менен курулмаларды жана жээктерди бекемдөө иштерин камтыйт. 2026-жылга 200 объект киргизилсе, бүгүнкү күндө 11 объектте иштер толук бүткөрүлүп, 3 объектте жумуштар аткарылууда. Бишкек шаарында жана Нарын облусунда гана иштер баштала элек, калган облустарда толугу менен иш жүрүп жатат. Эң масштабдуусу Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясын тазалоого ӨКМдин 30дан ашуун техникасы тартылып, бир-эки аптада иштер толугу менен аяктамакчы.

Кийинкиси капиталдык курулуш багытында дарыяларда дамба, шпора куруу, ошондой эле балансыбызда турган дамбаларды капиталдык оңдоо иш-чараларын камтыйт. Бул жумуштарга республикалык бюджеттен 400 млн сом каралып, 35 объектте жумуштар аткарылмакчы. ӨКМдин тиешелүү адистери республика аймагында февраль-апрель айларында белгиленген график менен жалпысынан 400гө жакын объектте визуалдык, инструменталдык изилдөө иштерин жүргүзүшмөкчү. Учурда Баткен облусунда изилдөө иш-чаралары аяктап, Ош, Жалал-Абад облустарында улантылууда. Жыйынтыгында сунуштар камтылган корутундулар чыгарылып, тиешелүү мекемелерге эскертмелер берилүүдө.
Андан тышкары, ӨКМ эл аралык уюмдар, башка өнөктөштөр менен иш алып барып, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу тилкелер коопсуз абалга келтирилүүдө. Учурда бюджеттик баасы 39 млн долларды түзгөн 46 объектте дренаждык системаларды, дамбаларды куруу менен көчкү участокторун коопсуз абалга келтирүү жумуштары аткарылууда. Аталган долбоор 2028-жылга чейин белгиленип, жер көчкү эң көп катталып, кооптуу деп эсептелген Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймактарын камтымакчы. Себеби республика боюнча жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн саны арбын. Элди көчүрүү маселеси мамлекеттик деңгээлде көйгөй жараткандыктан, аларды туруктуу жашаган жерине калтыруу менен аймакты коопсуз абалга келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул ыкма Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда колдонулуп жатат.

— Жарандар табигый кырсыктардын алдын алууга кандай салым кошо алат?
— Жаз айларынын келиши менен жарандар жаратылышка эс алууга көп барышкандыктан, коопсуздук эрежелери тууралуу айта кетсем. Эс алуулар көпчүлүк учурда сууга жакын аймактарда болгондуктан, коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү. Себеби жаш балдар, өспүрүмдөр сууга агып кеткен учурлар көп катталат. Азыр каналдарда суу аз көрүнгөнү менен, эңкейиши жогору болуп, суунун ылдамдыгы өтө жогору болот. Маалым болгондой, 2024-жылы Ноокат районундагы Абшыр-Ата аймагындагы суу ташкынында жарандар, анын ичинде жаш балдар да каза болгон.

Белгилей кетсек, сел, суу ташкындарын, суу каптоо коркунучун болтурбоо үчүн ар бир жаран жоопкерчиликтүү түрдө турак жайын, короолорун, арыктарын тазалап, таштандылардан арылтып, сууну коопсуз өткөрүү чараларын көрүүсү зарыл. Өткөн жылы иригациялык системалардын, суу өткөрүүчү курулмалардын тазаланбагандыгынан көп суу каптоолор болгон. Ошондон улам массалык ишембиликти жазында эмес, күзүндө өткөрүү сунушу берилген. Демилге президенттин администрациясы тарабынан жактырылып, 2025-жылдын күз айларында “Күзгү ишембиликтер” өткөрүлгөн. Мында 5 млн метрге жакын каналдар, түтүктөр жана курулмалар тазаланган. Иш-чара 2026-жылдын жаз айларында да улантылып жатат.

— Кыргызстанда табигый кырсыктар мезгилге жараша кайталанып тургандыктан, үйлөрдү камсыздандыруу канчалык маанилүү?
— 2016-2017-жылдарга чейин мамлекет тарабынан жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга материалдык-техникалык жардам көрсөтүлүп келген. Бирок 2017-жылдан баштап бул механизм күчүн жоготуп, камсыздандыруу системасына өткөнбүз. Айыл жергесинде камсыздандыруунун суммасы жылына 600 сомду, Бишкек, Ош шаарларында 1 миң 200 сомду түзөт. Камсыздандырылган турак жай табигый кырсыктан жабыркаса, камсыздандыруу уюму тарабынан изилденип, камсыздандырылган үйдүн ээсине толук компенсация төлөнүп берилет.

Бардык жарандарыбыз өздөрүнүн турак жайларын ар кандай табигый мүнөздөгү кырсыктардан камсыздандыруусу зарыл деп белгилемекчимин. Себеби мамлекет тарабынан бүгүнкү күндө жабыркаган жарандарга компенсация эч төлөнбөйт. ӨКМ кырсык болгон жерде кесепеттерин жоюу, тазалоо иштерин жүргүзүп келет. Зарыл болгон учурда министрликтин балансында турган мобилдик турак жайлар убактылуу жашоого үч тараптуу келишимдин негизинде берилет. Негизинен жарандарыбызды камсыздандыруу уюму аркылуу турак жайларын камсыздоого чакырып кетмекчибиз.