Ири иш-чаралар: Бишкекте 15 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздады

Коом 2 сентябрь 2026 17:50
Ири иш-чаралар: Бишкекте 15 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздады
copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Бишкекте коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого 15 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, алар расмий делегациялардын каттамдарында, иш-чаралар өткөн объектилерде жана жарандар, чет өлкөлүк коноктор көп топтолгон аймактарда кызмат өтөштү.

"Милиция чет өлкөлүк делегациялардын, туристтердин жана шаар тургундарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, зарыл учурда жардам көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, көрүлгөн алдын алуу чараларынын жана күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында эл аралык иш-чаралар коомдук тартип бузулбастан, тынч жана коопсуз өттү.