Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылы өткөн оюндарга салыштырмалуу жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул тууралуу Ирандын Борбор Азиядагы телеканалынын өкүлү Амирхушанг Даннаи “Кабар” агенттигине билдирди.
Даннаи 22 жылдан бери Иран телевидениесинин Борбор Азиядагы өкүлү болуп, Алматы шаарында иштейт. Анын айтымында, ал 2018-жылы Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарында да болгон.
“Бул жолу да оюндарга эки жума калганда келдим. Уюштуруу иштери жогорку деңгээлде, абдан профессионалдуу болду. Тартип да жакшы сакталды.
Бул жерге башка өлкөлөрдөн келген көптөгөн журналисттерди көрдүм. Кыргызстан конокторду жакшы кабыл алып, меймандостугун көрсөтүп жатты. Кыргыз эли абдан боорукер, жакшы экен. Бул жакка келгениме мен абдан кубанычтамын.
Репортаждарды даярдап, Иранга жөнөтүп жатам. Ал жакта көрсөтүлүүдө. Жогорку деңгээлде уюштурулган Бишкек шаарындагы ачылыш аземди да тартып, Ирандын телекөрсөтүүсүнө жөнөттүм”,-деди Даннаи.
Ошондой эле ал Иран өлкөсүнөн оюндарга 130 спортчу келгенин билдирди. Алар спорттун 23 түрү боюнча мелдештерге катышып, жалпы 15 медаль алышты. Анын ичинен 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль.