Иран президентинин Ноорузга карата жылуу тилектери

Президент Загрузка... 21 Март 2026 17:20
photo_5328193508545861077_y.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Жаңылануунун жарчысы, Жараткандын кудуретинин символу болгон байыркы Нооруз майрамынын алдында сизге, сиздин өкмөтүңүзгө жана Кыргызстан элине эң жакшы тилектерим билдирем.

Нооруз – бул биздин жалпы маданий мурасыбыз жана анын дүйнөнүн кең аймактарында белгилениши – адамдарды ой-пикирлерин жаңыртууга, жек көрүү менен таарынычты жеңүүгө, достук менен ынактыкты тереңдетүүгө шыктандырган байыркы салтыбыз. Ушул жаз жана Күн календары боюнча жаңы жыл аркылуу адамзат улуу Жараткандын адамдык окууларына таянып, бүткүл дүйнөгө тынчтыкты, достукту жана туруктуулукту жайылтып, жер бетинен адилетсиздик менен теңсиздикти жок кыла алат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине ийгилик жана бакыт каалайм", - деп айтылат телеграммада.