Иран президенти кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент Загрузка... 20 Март 2026 12:51
2.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Сизди жана Кыргызстандын мусулман элин орозо кармагандардын сыйлыгы болгон Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем.

Бул майрам мусулмандардын биримдигин чыңдоонун, диний жана коомдук байланыштарды бекемдөөнүн көрүнүшү, ошондой эле ыйык Рамазан айында чын ыкластан айтылган дубалар өз жемишин берген мезгил болуп саналат.

Боорукерликке жана кут-берекеге толгон бул майрам аркылуу мусулман элдеринин ортосундагы тилектештик дагы да бекемделип, тынчтык менен туруктуулук орноп, ислам өлкөлөрүнүн бардык тармактардагы кызматташуусу кеңеет деп ишенем", — деп айтылат телеграммада.