Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 7 апрель 2025 22:55
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору алмашты

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору алмашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Иминов Фархат Ажмуханбетович КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Бул кызматты ээлеп турган Талантбек Иманов президенттин башка жарлыгы ээлеген кызматынан бошотулду.