Инсультка кабылгандардын 40%ы майыптыкка же өлүмгө дуушар болот – дарыгер

Ден соолук 19 сентябрь 2026 10:30
Инсультка кабылгандардын 40%ы майыптыкка же өлүмгө дуушар болот – дарыгер
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда миң адамдын ичинен 2 адам инсультка кабылып, алардын 40 пайызы оор деңгээлдеги майыптыкка же өлүмгө дуушар болот. Бул тууралуу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология кафедрасынын ассистенти Халида Мусаева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө жылына болжол менен 11 млн адам инсультка кабылат.

"Инфекциялык оорулардан кийин жүрөк кан тамыр оорулары анын ичинде инсульт экинчи орунда турат. Инсульт - мээнин кан айлануусунун бузулушунан улам мээ ткандарынын жабыркашы. Бул Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Инсульт жеке эле адамдын эмес, анын үй-бүлөсүнүн жана жалпы коомдун көйгөйү", - деди адис.

Дарыгер инсульт негизинен ишемиялык жана геморрагиялык болуп эки түргө бөлүнөрүн айтат.

Ишемиялык инсульт мээнин кан тамыры бүтөлүп, анын белгилүү бир бөлүгүнө кан, кычкылтек жана азык заттар жетпей калганда пайда болот. Натыйжада мээнин кан жетпей калган бөлүгүндөгү клеткалар жабыркайт.

Ал эми геморрагиялык инсультта мээдеги кан тамыр жарылып, кан мээнин ткандарына куюлуп кеткенде пайда болот. Адис бул көрүнүштү арыкка суу батпай, жайылып кеткен селге салыштырды.

"Кан тамыр жарылганда кан мээнин ткандарына тарап, уюп калат. Натыйжада мээнин функциялары бузулат", - деди Мусаева.

Адистин белгилешинче, геморрагиялык инсульт ишемиялык инсультка салыштырмалуу оор өтүп, майыптыкка жана өлүмгө алып келүү коркунучу жогору.

Инсульттун белгилерин өз убагында аныктап, тез арада медициналык жардамга кайрылуу оор кесепеттерди азайтууда маанилүү.